Улуттук банк эки айлык тынымдан кийин 15,5 млн. доллар сатыкка чыгарды

© Sputnik / Табылды КадырбековНациональная валюта и долларовая купюра
Национальная валюта и долларовая купюра - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ошентип УБ жыл башынан бери 191,8 миллион доллар сатып алып, 133,69 миллион доллар саткан.

БИШКЕК, 2-ноя.— Sputnik. Улуттук банк валюта базарына 15 миллион 560 миң доллар сатты. Бул тууралуу УБнын расмий сайты кабарлайт. 

Кыргызстане отметят 1000-летие Жусупа Баласагына - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк Баласагындын юбилейинин урматына коллекциялык монета чыгарды
Доллардын расмий курсу шейшембиге караганда жети тыйынга көтөрүлүп, 2-ноябрга карата 68,84 сомго барабар болду. 

Акыркы айда доллар 80 тыйынга көтөрүлүп, анын арты менен көгүлтүр отко болгон баа да кымбаттаган.

Буга чейин УБ 9,95 миллион доллар саттыкка чыгарса, сентябрда эки ирет АКШ долларын сатып алган. 

Ошентип башкы банк жыл башынан бери 191,8 миллион доллар сатып алып, 133,69 миллион доллар саткан. Бул кадам өлкөдөгү валюта курсун бир нукта кармап калуу максатында жасалат.

Сом пайдаланылгандан бери доллар куну кандайча өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан инфографикасынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0