БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Ноябрда жаратылыш газынын бир куб метрин карапайым калк 14,39 сомдон сатып алса, өнөр жай ишканалары, коммерциялык жана бюджеттик уюмдар үчүн 17,64 сом болот. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган нарк бардык салыктардын түрүн кошкондон кийинки баа болуп саналат.
Ошентип бул айда көгүлтүр оттун баасы жарандар үчүн 13 тыйынга, ишканалар үчүн 15 тыйынга кымбаттады.
Газдын тарифи ай сайын АКШ долларынын Улуттук банк тарабынан бекитилген курсу менен өзгөрүп турат.
1-ноябрга карата бир доллардын наркы 68,67 сомго бааланган.