Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салды

© Sputnik / Андрей Александров / Медиабанкка өтүүРабота белорусской таможенной службы
Работа белорусской таможенной службы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрдын башында Евразиялык экономикалык комиссия Казакстанга кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салуу сунушун берген.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү алып салгандыгын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясынын маалымат кызматынан кабарлашты. 

Белгилей кетсек, октябрь айында Евразиялык экономикалык комиссия Казакстанга кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөлдү ЕАЭБдин талаптарына ылайык алып салуу сунушун берген. Аны аткарууга 7-октябрдан тарта Казакстанга 10 күн убакыт берилген. Ал эми Кыргызстан бул норманы өткөн жылдын май айында аткарган.

"Казакстан фитосанитардык көзөмөлдү чек арадан албагандыктан соода жүгүртүүдө бир топ кыйынчылыктар жаралууда", — деп буга чейин ЕЭК белгилеген. 

Кыргызстандын Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук инспекциясы чек арадагы чектөө алынгандыгы тууралуу билдирме Казакстандын Айыл чарба министрлиги тарабынан бейшемби күнү келгендигин ырастады. 

Кыргызстан 2015-жылдын август айында ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0