"Ак-Кеме" кайра сатыкка коюлду

Жазылуу
Аукцион 1-ноябрга белгиленди. Баштапкы баасы биринчи жолкуга караганда 10 пайызга арзандаган.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. "Ак-Кеме" мейманканасы экинчи ирет сатыкка коюлуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Жогорку Соттун алдындагы Сот департаментинин маалымат катчысы Наргиза Муканбетова билдирди.

Биринчи аукцион 11-октябрга белгиленип, бир дагы арыз түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Баштапкы нарк 955 миллион 805 миң сом деп бааланган.

Муканбетованын айтымында, сот аткаруучулар тарабынан "Эркин-Тоо" гезитине сатыкка коюу тууралуу жарыя чыгып, аукцион 1-ноябрга белгиленди.

"Экинчи аукциондогу баштапкы баа автоматтык түрдө 10 пайызга төмөндөйт. Мында мейманкананын наркы 860 миллион 224 миң 707 сом деп бааланды", — деди ал.

"Ак-Кеме" мейманкана комплекси мамлекет алдындагы карызынан улам сатылууда. Сот аткаруучулардын маалыматы боюнча эгер мейманкана сатылбаса, Финансы министрлигинин балансына өтөт. 

Сатыкка коюлган "Ак-Кеме" мейманканасынын асмандан көрүнүшүн Sputnik Кыргызстан даярдаган видеодон көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0