Салык кызматы: Кумтөрдө салыктык мыйзам бузуулар аныкталган

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO "Кумтор Голд Компани" ишканасынын кызматкери. Архив
Кумтор Голд Компани ишканасынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кумтөрдүн ишин текшерүү учурунда анда салыктык мыйзам бузуу аныкталбаганын Салык кызматы билдирбегенин аталган кызматтан билдиришти.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Кумтор Голд Компани" ишканасы салыктык мыйзам бузуулар болгондугун, бирок компания тарабынан 2014-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги милдеттенмелер боюнча салык карызы жоюлгандан кийин карызы жок экендигин ырастаган. Бул тууралуу Салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз өкмөтүнүн жыйы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү Centerra Gold Inc. компаниясындагы үлүшүнүн кыскарышына каршы
"Кумтор Голд Компани" Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек жана Чүй облустары боюнча Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичинде "Кумтөргө" пландуу текшерүү жүргүзүү учурунда эч кандай салыктык мыйзам бузуулар катталбаганы тууралуу билдирүү тараткан.

Ал эми Мамлекеттик салык кызматы "Кумтор Голд Компани" ЖАКтын берген маалыматтары чындыкка дал келбей турганын айтат.

"Мамлекеттик салык кызматынын Бишкек жана Чүй облустары боюнча Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан 2014-жылдын 1-январынан тартып 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил ичинде "Кумтөргө" пландуу текшерүү жүргүзүү учурунда бир катар салыктык мыйзам бузуулар аныкталган жана 37 млн 597,5 миң сом кошуп эсептелген", — деп айтылат маалыматта.

"Кумтор Голд Компани" бюджетке жогоруда көрсөтүлгөн сумманы толук көлөмдө төлөп берүү менен табылган мыйзам бузууларды жойгон.

Кумтор алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар Кумтөр боюнча кылмыш иштердин эскирип кетүүсүн жокко чыгарууну каалашат
Салык кызматынын Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо боюнча башкармалыгы салыктардын жана төлөмдөрдүн кошуп эсептелген суммасынын төлөнгөңү тууралуу тиешелүү квитанция көрсөтүлгөндөн кийин 2016-жылдын 19-июлунда кат жөнөткөн.

Бирок, салык органы жиберген катта Кумтөр тарабынан салыктык мыйзам бузуулардын болбогондугу тууралуу ырастаган эмес, анткени бул компанияда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам бузуулар болгон, деп айтылат Салык кызматы тараткан билдирүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0