Кулматов: Орус-кыргыз фондусу сунушталган долбоорлорго 118 млн. сом бөлүп берет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматов менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоорлор кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө багытталат.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Кубанычбек Кулматовду кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда Кулматов өлкө башчыга өнүктүрүү фонду тарабынан жасалган жумуштар тууралуу маалымат берди. 

"Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду 118 миллион сомдук 340 долбоорду жактырды. Алар кыргыз банктары аркылуу ишке ашат", — деп айтылат маалыматта. 

Өз кезегинде Атамбаев узак мөөнөттүү жана арзан үстөктөгү насыялар ишкерлерге чоң жардам болорун айтып, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү керектигин белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0