Завод сатып алгыла! Же Кыргызстан кандай ири аукциондорду өткөргөн

© AFP / JEFF PACHOUDАукцион. Архив
Аукцион. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгемендүүлүк жылдары КРде көп сандагы мамлекеттик объектилер сатыкка коюлган. Sputnik Кыргызстан редакциясы ири соодалар кандайча бүткөнүн эскерет.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) "Эйр Кыргызстан" ААКнын 49 пайыздык мамлекеттик акциялар пакетин толугу менен инвестициялык конкурска алып чыкканын ведомствонун маалымат кызматы билдирген.

Пакеттин баштапкы баасы 188,9 миллион сомду түздү. Конкурстун жеңүүчүсү жети пайыздык комиссиялык төлөмдү, компаниянын 165 миллион сомдук карызын төлөп берүү жана авиапаркты беш заманбап учак менен толуктоо сыяктуу бир катар талаптарды аткарууга милдеттүү болот. 

Мурдараак ММБФ "Альфа Телеком" (MegaСom деп белгилүү) ЖАКтын 100 пайыздык пакетин сатыкка койгон эле. 

Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкөнүн тарыхындагы эң ири аукциондорду эстеп көрдү.

MegaСom ("Альфа Телеком" ЖАК)

Сим-карта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чубактын кунундай чубалган "MegaCom" ишканасынын баяны
2010-жылдын 20-майында убактылуу өкмөттүн токтому менен "Альфа Телекомдун" 49 пайыз акциясы улутташтырылган. Ал боюнча эки аукцион өткөрүлүп (баштапкы баасы — 108 миллион доллар), бирок экөө тең ишке ашпай калган. Бир нече жолку соттон кийин калган 51 пайыз мамлекетке өткөрүлгөн болчу. Өткөн жылдын жай мезгилинде өкмөт уюлдук байланыш операторун менчиктештирүү планы жөнүндө жарыялаган. MegaСom февраль айында 300 миллион долларлык баштапкы баа менен сатыкка коюлган. Өкмөт мындай аракетин компанияны өнүктүрүүгө "мамлекет каражат жумшай албастыгы" менен түшүндүргөн эле. 

Аукцион 4-майга белгиленип, бирок эс алуу күндөрүнө байланыштуу 11ине жылдырылган. Сатып алууну каалоочулардан бир да арыз түшкөн эмес. Натыйжада арыздарды кабыл алуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин узартылган.

"Жер-Үй"

Талас облусундагы 100 тонна алтын кору бар бул кен жайы ээсин бир нече ирет алмаштырды. Алардын бири Казакстан Visor холдинги лицензиясын кайра алып койгон үчүн Кыргызстандын өкмөтүн 548 миллион долларлык доо менен сотко берген. Бирок кийинчерээк ал арызын кайра алды. 

Кыргызстандын экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Трактор же iPhone. Министр Кытай заводдорун Кыргызстанга алып келүү жөнүндө
Башында өкмөт "Жер-Үйдү" иштетүүнү 100 миллион долларга баалап, аукцион өткөрүү боюнча комиссия баштапкы бааны эки эсе көтөргөн. Бирок 2013-жылы конкурс болбой калган, себеби аукциондун шарты боюнча жок дегенде эки катышуучу болушу керек эле, ал эми документтерин бир гана компания тапшырган. Кийинчерээк баасын кайра 100 миллион доллар деп түшүрүп, жаңы конкурс жарыяланган. Аны өткөн жылдын май айында Россиянын "Восток-геолдобыча" ААК жеңип алды. 

"Кристалл" ААК 

Таш-Көмүрдөгү поликремний чыгаруучу завод уникалдуу ишкана болуп эсептелет. Дүйнөдө мындай заводдордон төртөө гана бар. Бирок бир нече аукцион ар кандай себептер менен болбой калган. Жакында "Кристалл" Кытайдын өндүрүштүк күчтөрүн көчүрүп келүү үчүн сунуштала турган ишканалардын тизмесине кирди. 

"Түндүкэлектр" ААК

Курманбек Бакиевдин учурунда бир катар мамлекеттик объектилер менчиктештирилип кеткен эле. Алсак, 2010-жылдын башында 3 миллион долларга "Түндүкэлектр" электр кубатын бөлүштүрүүчү компанияны сатып жиберишкен. 2010-жылдагы апрель окуяларынан кийин убактылуу өкмөттүн токтому менен бул сатык жокко чыгарылган.

"Кыргызгаз" ААК

Акиташ чыккан Күрмөнтү кенин иштетүүгө лицензия 120 миң долларга сатылды
2013-жылы Россиянын ири "Газпром" ишканасына бир долларга сатылып кеткен. Инвесторлор өлкөнү газдаштыруу, газды өткөрүү жана бөлүштүрүү түйүндөрүн куруу иштерин башташкан. 2030-жылга чейин россиялыктар 100 миллиард рублга чейин инвестициялап, анын үчтөн бир бөлүгү жакынкы эки жылда ишке ашмакчы. 

"Кыргызтелеком" ААК

2010-жылдын башында компания 40 миллион долларга сатылып, убактылуу өкмөттүн өкүмү менен мамлекеттик менчикке кайра кайтарылган. 2011-2012-жылдары өкмөт аны 80 миллион долларга сатып жиберүүгө ниеттенип, бирок кийинчерээк аталган ишкананы менчиктештирүүгө жатпай турган стратегиялык объектилердин тизмесине киргизди.

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК

2013-2014-жылдары 49 пайыздан 51 пайызга чейинки акциясын "Роснефть" ААКга сатып жиберүү сунушталган, бирок бир катар сүйлөшүүлөр менен коомчулуктун терс кабыл алуусунан кийин 2014-жылдын аягында аэропортту сатыкка койбоо жөнүндө чечим чыгарылган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0