Чубактын кунундай чубалган "MegaCom" ишканасынын баяны

Жазылуу
MegaCom компаниясы сатылса 3 миллионго чукул абонеттин тагдыры эмне болот? Мамлекет пайда көрөбү, же зыянга учурайбы? Экономисттер менен жөнөкөй колдонуучулар эмне дейт? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Исмаил Мамытов кызыгып көрдү.

Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары Жумадилде уулу Мурадилдин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдиришинче "MegaCom" соода маркасы менен таанылган "Альфа Телеком" компаниясы 2015-2017-жылдардагы менчиктештириле турган объектилердин катарына кирип, өкмөт аны сатуу чечимине келген. Жогорку Кеңештин 2015-жылдагы июнь айында чыккан токтомуна ылайык сатыкка коюлуп жатат. 

Аталган ишкананы сатуу боюнча аукцион 2016-жылдын 11-майга белгиленип, бир да арыз түшпөгөндүктөн өтпөй калган. Ушуга байланыштуу арыздарды кабыл алуу мөөнөтү үстүбүздөгү жылдын 15-июнуна чейин узартылды.

"Бааны дүйнө жүзүнө белгилүү Эрни Сян көзкарандысыз компаниясы бычып берди. Ага ылайык, компаниянын баасы 19 миллиард 7 миллион сомго бааланды", — деди Жумадилде уулу Мурадил.

MegaCоm компаниясынын сим-картасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
MegaСom компаниясын сатып алуу үчүн арыздарды кабыл алуу 15-июнга чейин узартылды
Ал кошумчалагандай ишкана учурда кирешелүү болуп турат. Бирок эксперттердин айтымында, жакынкы жылдары компаниянын кирешеси төмөндөп, аны менен кошо баасы да түшүп кетет. Мунун себеби көпчүлүк кеңселерде, борбордогу эс алуу жайларда интернет менен колдонуу жеткиликтүү болуп, мобилдик байланышка суроо-талап төмөндөйт.

Жумадилде уулу Мурадилденин айтымында, компания буга чейин төгүп келген салыкты башка колго өткөн күндө да төлөйт. Ал эми тейлөө кызматынын баасы көтөрүлөт деген сөз туура эмес. Анткени базар экономикасынын мыйзамына ылайык, атаандаштык күч болуп турган учурда бааны көтөрүү акылсыздык болуп саналат.

"Мамлекетке салык түшө берет, бирок дивиденд катары пайда көрбөй калат. Анткен менен компаниянын жылдык кирешеси 1,7 миллиард сомду түзөт. Ал эми сатыкка коюлган баасы 19 миллиард 7 миллион сом болуп жатат. Демек, мамлекет 11 жылда алчу кирешени бир алып жатат. Мындан сырткары, 11 жылдын ичинде чоң өзгөрүүлөр болуп, компаниянын кирешеси төмөндөп кетиши толук мүмкүн", — деди адис.

Келечеги жок компанияны ким алат деген суроого Джумадилде уулу Мурадилде буга жеке ишкерлер кызыкдар экенин айтты.

Экономика министри Арзыбек Кожошев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экономика министри MegaCom айланасындагы соттук иштер жөнүндө айтып берди
Анын билдиришинче компанияны толук кандуу ремонттон өткөрүү үчүн көп каражат керектелет. Эгерде мамлекет бул кадамга барбаса, анда жакынкы жылдары кардарларын жоготот. Анан көпчүлүк эртең мамлекетти күнөөлөп чыгат. Ал эми жеке ишкер өндүрүштү күчөтүү үчүн каражат жумшап иштетсе ал үчүн ыңгайлуу болот. Улутташтырылган компания болгондуктан бир жабдуу алуу сөзсүз түрдө тендер аркылуу ишке ашат. Сынак жарыялап, аны аткаргынча эки ай өтөт. Ал убакыт ичинде атаандаштары алдыга оозуп кетет. Сатыктан түшкөн каражат жолдорду оңдоого, ооруканаларды ремонттоого жумшалат

"MegaCom" компаниясынын коррупциялык иштерге аралашкан деген айып менен төрт жылдан бери УКМКнын тергөө абагында жаткан ишкананын мурунку мүдүрүнүн кеңешчиси Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов маалымат жыйын өткөрүп, анда айыпталуучу "MegaCom" сатылышына каршы экенин жар салган.

"Абековдун айтымында, "MegaCom" ишканасын сатып алам деген инвесторлордун бар экени жомок. Аталган компания өзүнүн долбоорлорун ишке ашырууга толук жөндөмү бар, ал үчүн убактылуу болсо да түшкөн пайдага мамлекет тийбеши керек. "MegaCom" компаниясынын мыкты техникалык базасы бар. Анын алкагында бир канча улуттук долбоорлорду иш жүзүнө ашырса болот. Интернетке кирүү үчүн абонент номерине акча салуусу керек. Демек, уюлдук байланыштын күнү бүтөт деген сөз чындыкка жатпайт", — дейт Айткулов.

Буга чейин аталган компания өзбек тилинде тейлөө көрсөтөт деп нааразычылык билдирип, ал кадамын коомчулук кызуу талкууга алган ырчы Бек Борбиев "Мегаком" атандааштыкты жоготуп бара жатса, сатып алам дегендер келесообу деген суроого кызыкдар.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: CASA-1000 долбоорунун зарылдыгы башынан эле айкын болчу
"MegaCom" жакында атаандаштыкты жоготуп, күнү бүтөт деп жатат. Ооба, андай коркунуч бар. Анткени баарыбыз келечекте интернет аркылуу сүйлөшүүгө өтөбүз. Бирок ал күн качан келерин эч ким айта албайт. Мени кызыктырганы, күнү бүтүп жаткан ишкананы миллиарддаган акчага сатып алам дегендер эсепти билбеген келесоолорбу?", — дейт ырчы.

Экономист Искендер Шаршеев компанияны сатуу менен өкмөт пайда көрөт деген пикирде.

"Интернеттин жардамы менен видео, сүрөт аркылуу маалымат алуу жайылып, уюлдук байланыштын зарылчыгы жок болуп баратат. Ушуга байланыштуу дүйнө жүзүндө уюлдук компаниялардын акциялары төмөндөөдө. Мындан сырткары компаниянын артында эл аралык соттук териштирүүлөр жатат. Демек, сатуу менен өкмөт пайда көрөт", — дейт Шаршеев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "MegaCom" жакшы иштебей жатат деген ойдо.

"MegaCom" сатылышын колдойм. Себеби бизге инвесторлор керек. Менимче мамлекеттик компания жакшы иштебей жатат. Эгерде жеке адамдын колуна өтсө өнүкмөк", — дейт депутат.

Алты жылдан бери аталган компаниянын кардары болуп келе жаткан Мариям Мамытова компаниянын келечеги үчүн кабатыр болууда.

"Көп жылдан бери аталган компаниянын кардары болгондуктан, келечегине кооптонуп турам. Сатпай эле, мамлекет өзү иштетсе болмок. Жеке ишкер кызмат баасын каалагандай калчап калат да", — дейт Мамытова.

"MegaCom" компаниясы менен байланышканыбызда маалымат кызматы эч кандай маалымат бере албастыгын айтып, кечирим сурады.

"Бул маселе боюнча эч нерсе айта албайбыз. Компаниянын позициясы ушундай",— деди маалымат кызмат. 

"MegaCom" тарыхы.

"MegaCom" — уюлдук байланышты көрсөтүүчү компания. Өлкөнү уюлдук байланыш менен 98 пайызга камсыз кылып, 2,8 миллиондон ашуун абонентти тейлейт. "MegaCom" түйүнү өз ичине 7000ден ашуун сатуу пункттарын камтыйт.

Биржа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Centerra Gold Inc. компаниясынын Торонтодогу акциялары жүгүртүүдөн алынган эмес
2005-жылы пайдубалы түптөлүп, 2006-жылы колдонууга берилген. Ушул эле жылы 100 миң абонент кошууга үлгүргөн. 2008-жылы компанияда 50 гана кызматкер иштесе, 2009-жылы алардын саны 700ден ашкан. Учурда компанияда 1200 адам иш менен камсыз болгон. 

"MegaCom" соода маркасы менен таанылган "Альфа Телеком" компаниясы 2009-жылы түзүлүп, жалгыз ээси Алексей Елисеев болгон. Убактылуу өкмөт 2010-жылы компаниянын 49 пайыз акциясын улутташтырып, 51 пайызы Елисеевге караштуу Southfield Management Inc. и Vesatel Unitеd Limited компаниясынын менчигинде калган. 2014-жылдын июль айында акциянын 51 пайызына салынган сот бөгөтү алынып, мамлекет акциянын 100 пайызына ээлик кылып калган.

"Альфа Телеком" ишканасы 2011-жылы да сатыкка коюлуп, парламенттен колдоо тапкан эмес. Анда компаниянын 49 пайызынын наркы 97,1 миллион доллардан 108,1 миллион долларга чейин деп бааланган. Ал эми компаниянын толук 100 пайызы 291,2-322,1 миллион долларды түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0