БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Centerra Gold Inc. Компаниясы менен "Кумтөр Голд Компани" (КГК) жабык акционердик коомунун жетекчилиги кенди 1-апрелден тарта консервациялоо маселесин карап жатат. Бул тууралуу профком төрагасынын орун басары Калыбек Рыспаев билдирди.
Рыспаев аталган кенди иштетүүгө өкмөт 31-мартка чейин гана уруксат бергенин белгиледи.
Ал эми "Кумтөрдүн" профкомунун төрагасы Авазбек Кожокматовкенде үч миңден ашуун адам эмгектенерин, алардын 70 пайызы ипотекалык жана керектөөчү насыя төлөй турганын маалымдады.
"Кумтөрдүн" иши токтоп калса ишкананын дээрлик бардык жумушчулары ишсиз калат. Ар бир кызматкердин артында 6-7 кишиден турган үй-бүлөсү бар, алардын эртеңкиси кендин иши менен байланышкан", — дейт Кожокматов.
Азырынча Жогорку кеңеш долбоорду реструктуризациялоо боюнча чечим кабыл ала элек.
Тажибаевдин айтымында, мындай кырдаал Кыргызстандын инвестициялык абалына тескери таасирин тийгизип, ишсиз калуу кооптуулугу эмгек жамааттын ичинде чыңалууну жаратарын кошумчалады.