Атамбаев: доллар менен алынган ипотекалык кредитти сомго которуу зарыл

Жазылуу
Өлкө башчы чет элдик валюта менен ипотекалык кредит алган калктын аялуу катмары менен бюджеттик кызматкерлер үчүн жеңилдиктер каралышы керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Калктын аялуу катмары менен бюджеттик кызматкерлердин чет элдик валютада алган ипотекалык кредити улуттук валютага трансформацияланышы керектигин президент Алмазбек Атамбаев Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловду кабыл алуу учурунда билдирди. 

Доллар акчасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Долларга карата сомдун куну самандай сапырылып жатат
Жолугушуу маалында өлкө башчы улуттук валютанын олку-солкулугун чектөө жана валюта рыногунун тең салмактуу ишин камсыздоо боюнча башкы банк тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу кабардар болду. 

Атамбаев ипотекалык кредит боюнча маселени Улуттук банк өкмөт жана коммерциялык банктар менен тез аранын ичинде чечиши керектигин баса белгиледи.

Мындан тышкары, президент мамлекеттин финансы-кредиттик мекемелеринин иши туруктуу болушу керек экенин баса белгиледи. Мындан тышкары, улуттук валютанын кескин арзандап кетүүсүнүн алдын алуу боюнча аракеттерди күчөтүүнү тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0