00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:08
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖКнын комитети өкмөттүн "Кумтөр" боюнча ишин "канааттандырарлык эмес" деп тапты

© пресс-служба ЖК КРЖогорку Кенеш. Архивное фото
Жогорку Кенеш. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев "Centerra Gold Inc." компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бирок тараптар бир пикирге келе албай жатышканын айтты.

Бишкек, 7-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 7-апрелдеги отурумунда "Кумтөр" долбооруна байланыштуу токтомдорунун аткарылышы тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматы угулду. 

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Оторбаев "Кумтөр" боюнча жаңы долбоор иштелип чыкпаса, отставкага кетем деди
Жыйынга премьер-министр Жоомарт Оторбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Оторбаев "Centerra Gold Inc." компаниясы менен "Кумтөр" долбоору боюнча сүйлөшүүлөр улантылып, бирок тараптар бир пикирге келе албай жатышканын айтты. Ал 50х50 пайыздык катыштагы биргелешкен ишкананы түзүү кыргыз тарапка пайдасыз экенин белгилеп, «Кумтөр» алтын кенин улутташтыруу боюнча демилгеге да каршы пикирин билдирди.

"Кумтөр" долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишим түзүлбөй калганы жакшы болду. Акыркы иликтөөлөр биргелешкен ишкана түзүү биз үчүн экономикалык жактан таптакыр пайдасыз экенин көрсөттү. Ошондой эле алтын кенин улутташтырууга да болбойт. Эгерде ал улутташтырылып калса, жоопкерчиликтин баары бизге түшөт. Адистер азыр кендин абалы анчалык жакшы эмес экенин айтышууда", — деди премьер-министр.

Ал эми тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев өкмөттүн "Centerra Gold Inc." компаниясы менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы анчалык ишеним жаратпай жатканын айтты. 

"Биз "Кумтөр" долбоорунун тагдыры боюнча так жооп ала алган жокпуз. Бизди ишендире албагандыктан, Өкмөт мүчөлөрүнүн кенди улутташтырууга каршы пикирин да кабыл албайбыз. Жок дегенде, өкмөт башы ынанымдуу жүйөлөрдү келтириши керек эле, андай болбой калды", — деп кошумчалады депутат.

Талкуунун жыйынтыгында КР өкмөтүнүн "Кумтөр" долбоору боюнча жүргүзгөн иши "канааттандырарлык эмес" деп табылып, Жогорку Кеӊештин "Кумтөр" долбооруна байланыштуу токтомдорунун аткарылышы тууралуу КР өкмөтүнүн маалыматын парламенттин кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды. Анда КР Өкмөтү "Кумтөр" долбоору боюнча биргелешкен ишкана түзүүнү же аны улутташтырууну сунуш кылбастан, альтернативдүү демилге көтөрүшү күтүлөт. 

Эске салсак, быйыл 26-февралда парламентте "Кумтөр" долбооруна байланыштуу токтомдорунун аткарылышы тууралуу КР Өкмөтүнүн маалыматы угулуп, анда КР өкмөтүнө "Centerra Gold Inc." компаниясы менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдү аягына чыгарып, "Кумтөр" кенин иштете турган биргелешкен ишкана түзүү же аны улутташтыруу боюнча сунуш менен келүүгө кошумча убакыт берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0