Бишкек, 4-мар. — Sputnik. "Кыргызстан апрелден тарта сентябрь айына чейин коңшу Тажикстандан электр кубатын сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат", — деп билдирди "Кыргызстандын улуттук электр түйүндөрү" ачык акционердик коомунун башкы директорунун 1-орун басары Алексей Бородин.
Буга чейин Кыргызстан электр кубаты жаатындагы тартыштыктан улам, коңшу Казакстандан алып келген. Аталган өлкө менен түзүлгөн келишим апрель айында соңуна чыгат.
Кыргызстанда быйылкы кышта энергетикалык каатчылык болчудай жагдайда турат. Алексей Бородин Кыргызстан келерки кышта да коңшулардан электр кубатын сатып алышы мүмкүндүгүн шаршембиде маалымдады.
Бородин буга чейин Кыргызстан 1-декабрдан бери Казакстандан 411 млн. киловатт-саат электр кубатын сатып алынганын маалымдаган. Былтыр КР коңшу Тажикстандан жай айларында да электр кубатын импорттогон.