"Азия MIX" эртең Сочиде КВН менен коштошот

© Фото / Сергей АндриановИнтервью с игроком КВН команды "Азия MIX" Ситорой Фармоновой
Интервью с игроком КВН команды Азия MIX Ситорой Фармоновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сочиде "КиВиН-2017" эл аралык фестивалы өтүп жатат. Ал 23-январга чейин созулат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. КВНдин жогорку лигасынын алкагында кыргызстандык "Азия MIX" командасы коштошуучу номерин тартуулайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына команданын мүчөсү Марат Жуманалиев (Маратик) билдирди. 

Кыргызстандык топтун коштошуу программасы 19-январда Сочинин кышкы театрында өтө турган "КиВиН-2017" эл аралык 28-фестивалында тартууланат. 

Сочидеги "КиВиН-2017" эл аралык фестивалы 23-январга чейин созулат. Тандоо фестивалынын алкагында КВН жогорку лигасынын жаңы курамы түзүлөт. 

"Эртең акыркы жолу өнөрүбүздү тартуулайбыз. Мындайча айтканда чемпиондор коштошот. Эми биз КВНдин жогорку лигасында ойнобойбуз", — деди Жуманалиев.

Ал келечекте жайкы кубокторго, КиВиН жана КВН фестивалдарына катышып калуулары мүмкүн экенин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0