Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Эламан Карымшаков залкар инсандын урпагынын Кыргызстанга кантип келип калгандыгы, кытайлык кыргыздардын жашоосу жана улуу манасчы тууралуу маектешти.
— Улуу манасчынын атын алып жүрүү жеӊил болбосо керек…
— Бул атты алып жүрүү — бир чети сыймык болсо, ошол эле учурда чоӊ жоопкерчиликти да жүктөйт. Анткени сүйлөгөн сөзүӊ, жасаган жумушуӊ, элге болгон мамилеӊдин баары атага барып такалат да. Атамдын 18 небере, 38 чебересинин ичинен Жусуп Мамай деген атты бир эле мен алып жүрөм. Ошундуктан да ар бир ишке сергек мамиле жасоого аракет кылам.
— Кечиресиз, атам деп ким тууралуу айтып жатасыз?
— Жусуп Мамай бабамды "ата" деп калгам. Өзү да бир жолу "мен сенин бабаӊ болом, баба дегин" деп айткан. Жанында көп жүргөндүктөнбү, айтор, кайра эле "ата" деп алчумун. Өзүмдүн атам Турсунаалыны "аба" дейм.
— Кыргызстан жөнүндө укканыңызда кандай элестетчү элеӊиз?
— Мурда советтик кыргыздар деп айтышар эле. Мен анда бизге окшогон аз эле эл болсо керек деп ойлогом. Жусуп атам Талас, андагы саруу, кушчу уруулары тууралуу баяндап берген. Ысык-Көл жөнүндө айтып атканда аны жомоктогудай элестеткем. Кийин келгенде мен элестеткенден да керемет экенине күбө болдум. Ал эми Оштун касиеттүү Сулайман тоосу тууралуу, эгинге аябай мол экенин айтып берчү. Ошодон таасирленип Кыргызстанда окууну чечтим.
— Алгачкы жолу Кыргызстанга келгендеги сезимдериӊиз тууралуу айтып берсеӊиз?
— Кыргызстанга 2013-жылы 22-февралда эртең менен келгем. Ал күн азыркыга чейин эсимден кетпейт. Кар аябай жаап жаткан, автобус менен келип Мадина базарынын жанына токтодук. Айдоочуга, "качан Бишкекке жетебиз?" десем, "мына келдик" деди. Чынын айтсам, бир айылга эле түшүп калгандай сезилген. Кайра "мени бир четине таштап койгон окшойсуз, шаардын өзүнө алып барыӊыз" десем, "автобус ушул жерге токтойт" деп койду. Бир аздан кийин мени тосуп алчу Чолпон эже менен Нурлан агам келип алып кетишти.
— Анан Бишкектин шартына көнүү кыйын болгон жокпу?
— Биринчи келгенде кыргыздардын орусча сүйлөгөнүн көрүп, аябай жат көрүнүш катары кабылдагам. Эсимде калганы, дүкөнгө кирип нан сурасам "булка или лепешка?" деди эле, ошондой дагы нан болобу деп таӊ калгам. Кытайда хансу тилинде окугандыктан, кыргызча жазууну жана орус тилин үйрөнүү үчүн Ишенаалы Арабаев университетинин даярдоо курсуна төрт ай бардым. Анда Орто-Сай базар жакта жашачумун. Башка жакты көрбөй, шаар ушундай экен деп жүрүптүрмүн. Азыр ал жылга салыштырмалуу кыйла өзгөрүүлөр болду, жолдор салынып, көбү кыргызча сүйлөп калды дегендей.
— Кызыл-Суудагы кыргыздардын жашоо-шарты кандай?
— Жусуп Мамай атабызга өкмөт жакшы шарттарды түзүп берген деп укканбыз…
— Өкмөт атама өзгөчө көӊүл буруп жашоо турмушун жакшы шарттар менен камсыздаган. Ага турак-жай белек кылып, андан сырткары 70 миӊ сом пенсия чегерип берген. Ошондой эле мамлекеттик мекемелердин баары акысыз кызмат кылчу. Атамды караган келинге 15 000 сом, кемпирине 20 миӊ сом айлык төлөчү. Бул сумма эми аларга өмүр бою берилет. Ал жакта жашынан карысына чейин баары, "Жусуп Мамай" деп атынан атабай, "Жусуп атам" же "Жусуп ажым" деп айтышат. Бул дагы ага болгон сый-урмат деп ойлойм.
— Демек манасчыларга өзгөчө мамиле кылат экен да?
— 1961-жылда "Манас" эпосун жыйноо, кагазга түшүрүү боюнча 70 адам иштеп, Жусуп атамдын айтып берүүсүндө Манастын бешинчи урпагына чейин жаздырып алышкан. Ал эми 1978-жылы сегиз урпагына чейин айткан. Атам 40 манасчы, 40 комузчу, 40 мүнүшкөр шакирт кабылдаган. Алар мамлекеттен болжол менен 10 миӊ сомдой айлык алышат. Дегеле өнөр адамдарын жерге таштабайт. Манастын сегиз урпагына чейин жазылган баян кытай, англис, немис, уйгур, казак тилдерине өкмөттүн каржылоосу менен которулду.
— Эпосто Манас кытайлар менен согушат эмеспи. Ага карабай кытай өкмөтү жылуу мамиле кылганынын себеби эмнеде?
— "Манас" эпосу улуу теӊдешкис мурас экенин, бизге окшоп эч ким "Манас" айта албасын билип, колдоо көрсөтөт го деп ойлойм. Эпос Жуӊго мамлекетинде Жусуп атамдын версиясы боюнча мектеп программасына киргизилген. Уйгурлардын мектебинде окулуп жатканын өзүм көргөм.
— Ал жакта маданий иш-чаралар массалык түрдө өтөт деп угабыз…
— Жусуп Мамай атабыздын көзү өткөндөн кийин да бул жөрөлгө уланып атабы?
— Атамдын көзү өткөн жылы баары жер-жерлерде куран окутуп, маараке өткөн жок. Кийинки жылы Какшаал дарыясынын жээгине 80 боз үй тигилип, атамдын ашы берилген. Анда 12 миӊге жакын адам келип, жогорку деӊгээлде өткөн. Мындан кийин ал күндү эскерүү кечеси деп өткөрүшөт экен.
— Атаӊыз дүйнө салып кеткенде жанында белеӊиз?
— Таласта Жусуп атам тууралуу өткөн конференцияга катышып келаткам, Төө-Ашууга жеткенде Кытайдан чалып "атаӊдын абалы оор, сени чакыртып жатат" дешти. Угарым менен дароо эле жолго чыктым. Мен баргандан беш күндөн кийин узап кетти. Жайы жаннаттан болсун…
— Кандайдыр бир керээз калтырды беле?
— Бир нече күн мурун "көзүм өтсө, ата-бабаларым жаткан мүрзөгө алып барып көмгүлө" деген экен. Ал керээзин аткарып, Манас айылынын Күркүрөө кыштагындагы Ак-Дөӊ мүрзөсүнө алып барып жерге бергенбиз.
— Сиз кантип "Манас" айтып калгансыз?
— Алгачкы жолу 7 жашымда жаттап айткам. Манас боюнча китептерди көп окугам. Бир окуяны жаттап алсам, Жусуп атама барып айтып берчүмүн. Ошентип жүрүп кийин окуянын ичине кирип кетчү болдум. Айтып жатканда "тигини биякка, муну тиякка алып барып коёюнчу, эми салгылаштырайын, тиги найзасын көтөрүп келатты эле ошону айтып берейин" деп атып токтобой калам. Манасчылыкты ата мурас катары алып жүргүм келет.
— Улуттук "Жылкы бий", "Жалын бий" деген бийлерди жаратып бийлеп жүрөсүз. Бий өнөрүнө кантип аралашып калдыӊыз?
— Мектепте окуп жүргөндө бий үйрөткөн курска катышкан болчумун. Бирок анда кыргыз бийди үйрөткөн эмес. Кыргыздардын жашоо-турмушун, каада-салттарын кыймылга келтирип көрсөтүп жатып эле бий жаралып калат. Учурда "Жалын бий" Кытайда дагы кеӊири тарады.
— Кытайдагы кыргыздар каада-салтка кандай?
— А өзүңүзгө да бул жактан жар болуучу кызды тапкандырсыз?
— Мен 22 жашка чыктым, үйлөнө турган убак деле келди окшойт. Эгер жакшы кызга жолуксам, сөөк жаӊыртып, бул жактан үйлөнсөм деле жакшы болмок. Дос кыздарым көп, анын ичинен көзгө токтомдуу кыздарды карап жүрөм. Эгер үйлөнүп калсам, аны Жуӊгого алып кетем.