00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Война в XXI веке: военный журналист - о дронах, пропаганде и новой логике конфликтов
08:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Админстративдик аймактык реформанын экинчи этабы: КРда эмне үчүн округдар түзүлүшү керек?
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Кто и почему переписывает историю Великой Отечественной войны?
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Камсыздандыруу компанияларынын кирешеси 1,7 эсеге өстү: камсыздандыруу тармагында эмне өзгөрдү?
11:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жол фондунун каражатынын 10 пайызы кайда жумшалат — Жогорку Кеңеш мыйзамды кабыл алды
13:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Келечекте банктар жоюлабы? Web 3.0 дүн экономикадагы орду
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
”Үй-бүлөгө көмөк” жана башка жөлөк пулдар: жаңы талаптар
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кеп казына. Кет Буканын олуялыгы: кыз-уланың дүйнө кууп, кырдан качат, сак болгун...

© Sputnik / Влад УшаковСаймалу-Таш. Архив
Саймалу-Таш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Караңгыда көз, кыйчалышта сөз тапкан кеменгерлердин ой толгоосун, даанышман көрөгөчтүгүн "Кеп казынадан" тартуулап турган чагыбыз. Кулагыңызга күмүш сырга болсун!

Кет Бука – XIII кылымда, Чыңгыз хандын тушунда жашаган акын. Ал тууралуу маалыматтар тектеш элдердин фольклорунда  сакталып калган. Эң эле кеңири тараганы — Чыңгыз хандын улуу баласы Жуучунун өлгөнүн атасына угузганы. Падышанын каарынан корккон эл суук кепти айтууга Кет Буканы дайындап, ал комуз күүсү жана табышмактуу ыр менен  Жуучунун каза болгонун угузат. 

Каймана айтылган саптар маанисинин тереңдиги, салыштыруунун курчтугу менен айырмаланып, акындын анык сөз чебери экенин далилдеп турат.

Алтын болуу ак шумкар,
Алтын боосун тытыптыр,
Айды карап сызыптыр.
Күмүш болуу көк шумкар
Күмүш боосун тытыптыр.
Күндү карап сызыптыр,
Ал эмне болуучу?
Туу түбүндө көк Бука,
Күндү карап өкүрөт.
Алчагай мүйүз, ак эркеч
Айды карап бакырат,
Бул эмне шумдугу?
Асмандан булут сөгүлөт,
Аяктап мөндүр төгүлөт.
Көктөн булут сөгүлөт,
Көнөктөп мөндүр төгүлөт,
Бул эмне шумдугу?..

Тундук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кеп казына. Кара кылды как жарган Калыгул олуя
Кыраакы Чыңгыз хан уулунан айрылганын билип, "Кет, кет, кет, Бука, кеби жаман ит Бука" деп кубалап чыккан дейт. Ошондон тарта акындын аты Кет Бука болуп калган деп айтылат. 

Ал эми төмөндөгү "Сак бол" деген ыры кыргыз элинин ушу тапта башынан кечирип жаткан турмушун даана чагылдыргандай. Мындан 8 кылым илгери айтканы айткандай дал келген даанышман акындын кеменгерлигине баа бере кое албайсың.

Көгүш тоону кыян жууп,
Көрк бузулат, сак болгун.
Көсөмдөрүң элди алдап,
Көч бузулат, сак болгун.
Өзөгүңө өрт таштап,
Өз бузулат, сак болгун.
Сөөлөтүнөн ажырап,
Сөз бузулат, сак болгун.

Салкын тоону кыян жууп,
Салт бузулат, сак болгун.
Намыс түгөп, ар түгөп,
Нарк бузулат, сак болгун.
Кара тилин калп минип,
Карт бузулат, сак болгун.
Калыс сөзүн айталбай,
Калк бузулат, сак болгун.

Кызыл тоону кыян жууп,
Кырман качат, сак болгун.
Кыз-уланың дүйнө кууп,
Кырдан качат, сак болгун.
Кырды-түздү жат элге,
Кыйган качат, сак болгун.
Кылгылыкты кыргызга,
Кылган качат, сак болгун.

Тулпар тоону кыян жууп,
Тул болосуң, сак болгун.
Кудагыйсыз, кудасыз,
Кун болосуң, сак болгун.
Кубат-күчүң соодалап,
Пул болосуң, сак болгун.
Кудуреттүү элдерге,
Кул болосуң, сак болгун
Сак бол, элим, сак болгун…

Жаңылыктар түрмөгү
0