Кыргызстандык режиссердун "Таксист" тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлөт

© киностудия "Айтыш Фильм"Кыргызстандык режиссер Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмасынан кадр. Архив
Кыргызстандык режиссер Кымбат Адылбекованын Таксист тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийкеч жана табышмактуу таксист тууралуу тасма эки жумадай тартылып, бир айга жакын монтаждалган.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кыргызстандык режиссер Кымбат Адылбекованын "Таксист" тасмасы Канн кинофестивалында көрсөтүлө турганын режиссер өзү билдирди.

Эл аралык деңгээлдеги 69-Канн фестивалы 11-22-май күндөрү өтөт. Кыргызстанда тартылган "Таксист" тасмасы Short Film Corner программасынын алкагында көрсөтүлөт.

"Бул тасманы тартууга биз көп күч короттук. Биздин жазган билдирүү кабыл алынганда аябай кубандык. Бул команданын ийгилиги", — деп Адылбекова кубанычы менен бөлүштү.

Кино эки жумадай тартылып, бир ай монтаждалган.

"Биз конкурстан тышкары катышып жатабыз. Бул абройлуу фестивалда тасмабызды көрсөтүүгө кайталангыс мүмкүнчүлүк алдык. Ошондой эле, Кыргызстандагы таланттуу кишилердин бардыгын көрсөтө алабыз", — дейт ал.

Биринчи мугалим тасмасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Классикага айланган Кыргызстандын тасмалары алыскы аймактарда көрсөтүлөт
Адылбекованын тасмасы бир катар эл аралык конкурстардын номинанты болгон. Тасмада кыйын абалга тушуккан кыз тууралуу баяндалат. Аны ниети жаман кишилерден капысынан окуя болгон жерде пайда болгон таксист куткарып калат. Эртең менен куткаруучусун кыз издеп жөнөйт. Бирок, анын туугандарына жолугуп, таксист тууралуу бардык чындыкты билет.

Башкы ролду Мээрим Атантаева ойногон. Тасма "Айтыш фильм" киностудиясынын колдоосу менен тартылган жана анын узактыгы 13 мүнөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0