"Жарайт сити" "Движение кылыш керек" аттуу комедия тартуулайт

© Фото / Расул Рыскулов "Движение кылыш керек" аттуу комедиялык тасмасынын тартуу учурунда. Архив
Движение кылыш керек аттуу комедиялык тасмасынын тартуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тасмадагы ролдорду долбоордун резиденттери, актерлор, КВНчылар жана казакстандык белгилүү рэпер жаратат. Фильм карапайым жаш жигиттин жашоосун баяндап берет.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Жазында коомчулукка "Движение кылыш керек" аттуу комедиялык тасма тартуулана турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жарайт сити" сатиралуу теледолбоорунун түзүүчүлөрүнүн бири Асхат Табалдиев билдирди.

Учурда тасма тартылып жатат. Ага Асхат Табалдиев продюсер болсо, Данияр Болотбеков режиссерлук кылууда. Башкы каармандардын ролун Нурсултан Курсанали уулу, Илгиз Кубатбеков ("Жарайт сити") жана Ростислав Ященко (Азия MIX командасы) жаратышууда.

© Расул Рыскулов"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
1/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
© Расул Рыскулов"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
2/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
© Фото / Расул Рыскулов"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
Движение кылыш керек кино тасмасын тартуу учуру. - Sputnik Кыргызстан
3/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
1/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
2/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.
3/3
"Движение кылыш керек" кино тасмасын тартуу учуру.

Тасма Болот аттуу карапайым жигиттин жашоосун чагылдырат. Өп-чап турмушта күн көрүп, бир нерсе өзгөртүүгө ашыкпаган жигит көптүн бири сыяктуу жашоонун агымы менен кете берет.

Шайыр жана тапкыч бишкектиктерге өзбекстандык ырчы жана актриса Ситора Фармонова. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия MIX" мүчөсү, Ситора: кичинемде эркек баладай элем
Умтулуунун жоктугу Болоттун жашоосуна терс таасир тийгизе баштайт. Кызматынан жогорулоо эчак унутта калып, үй-бүлөлүк жашоосу да кадыресе көнүмүш күндөр менен коштолот.

Кокусунан эле ийгиликке жетүү боюнча тренинг Болоттун жашоосун астын-үстүн кылып жиберет… 

Тасманын авторлору алдыга максат коюп, ага жетүү үчүн умтулуунун ролун жаштарга көрсөтүүгө аракет кылгандыктарын белгилешет. 

"Мартта алып чыгууну пландаштырып жатабыз. Бирок тасма даяр эмес экенин сезсек, мөөнөтүн дагы жылдырышыбыз мүмкүн", — дейт Табалдиев.

Жазында тасма кинотеатрларда көрсөтүлүп, андан кийин телевидениеге чыгат. Ал эми жыл соңунда Интернетке жайгаштырылат. 

Тасманы жаратуучулар ага казакстандык репэр МС Сайлаубек да катышарын айтып, анын ролу тууралуу азырынча сыр жашырып турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0