"Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" фестивалына 10 улуттук фильм катышат

© Sputnik / Артем Житенев / Медиабанкка өтүүКинотеатр кызматкери пленка алмаштырып жатат. Архив
Кинотеатр кызматкери пленка алмаштырып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Уюштуруучулар фестивалда эл сынына коюла турган эл аралык 15 тасманын тизмеси жакын арада белгилүү болорун белгилейт.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. "Кыргызстан — кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" эл аралык кинофестивалга катыша турган кыргызстандык тасмалар аныкталганын "Айтыш-фильм" студиясы билдирди.

Кинопленка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыска метраждуу тасмалардын фестивалына казакстандык режиссер калыс болот
Маалыматка ылайык, иш-чара үстүбүздөгү жылдын 12-15 декабрь күндөрү өтүп, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун элесине арналат. Ага КМШ, Балтия мамлекеттери жана Грузия катышат.

Быйыл бешинчи ирет өтүп жаткан сынакка 10-20 мүнөттүк 10 кыргызстандык тасма катышмай болду. 

Уюштуруучулар фестивалда эл сынына коюла турган эл аралык 15 тасманын тизмеси жакын арада белгилүү болорун белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0