Карылар үйү: катыган нан, небере жытын сагынган кемпирлер

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкын Шайлообек Дүйшеев. Архив
Акын Шайлообек Дүйшеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карылар үйүнөн келгенден кийин ойлонуп, муну макала кылып жазсам, бир окулуп эле ошол боюнча калат, андан көрө, түбөлүк чыгарма жаратайын деп ырга айланттым деди акын Дүйшеев.

Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев: карылардын каргышы алыска узатпайт
Эсил кайран СССР кулар алдында замандын түрү бузулуп, карылар үйүндө жашаган кыргыздын кадимки кемпир-чалдары көбөйүп кетти эле. Ошондо баарыбызды бир силкинтип Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин Канттын Нижняя Серафимовка айлында өлбөстүн күнүн кечирген кыргыз энелери тууралуу "Эсиңе кел" деген ыры чагылгандай тараган. Коомчулукту дүрбөлөңгө салып, алдыбыз карылар үйүндөгү энелерибизди алып кетип, артыбыз катуу ойлонуп калдык эле. Бул ырдын актуалдуулугу бүгүн да кемий элек сыяктуу. 

Улгайгандар күнүн утурлай акын Шайлообек Дүйшеев менен баарлашып, духу күчтүү бул ырдын таржымалын уктук.

— Элди эсине келтирген, карылар үйү туурасындагы бул ырдын жаралыш таржымалын айтып бериңизчи?

Социалдык тармактын жылдызы Кишимжан: балакет кылбасаң экен, башканын кирип түшүнө…
— Мен ал кезде "Кыргызстан маданияты" гезитинде иштеп жүргөм. 1987-жылдын аягы болсо керек эле. Бир күнү эле Кант шаарындагы Нижняя Серафимовка деген айылда карылар үйү бар деп угуп, ошо боюнча материал даярдамай болдум. Ага чейин андайды көрмөк түгүл уккан да эмесмин. Самсак Станалиев деген журналист экөөбүз ээрчишип алып бардык. Бетон дубал менен тосулган чоң бак-шактуу короо экен. Биринчи эле киргенде коляскадагы майыптарды көрдүк. Оюмда "ии, ушундай адамдар жашайт турбайбы" деп койдум. Имараттын ичинде киргенде экөөбүз эки бөлүнүп, мен экинчи кабатка чыктым. Жатакананыкы сыяктуу узун коридордо, эшиктер бар экен. Биринчисин ача калсам эле чачын ак аралаган кемпир: "келегой, айланайын, Таластан келдиңби?" деп ийди. Мен адегенде түшүнбөй эле "жок, апа, мен кабарчымын, гезиттен келдим" дедим. "Энди, балам, кел, отур" деп стол жакты жаңсады. Отуруп сүйлөшүп калдык. Жашын сурасам 70тен өтүп калган экен. "Бул жакка кантип келип калдыңыз, балдарыңыз барбы?" десем, "Уул-келиним бар… Батыша албай… бул жакка бир парторг машинеси менен алып келип таштап кеткен. Бир жумадан кийин алып кетем деди эле, эки жыл болду…", — деди.

Парторг сөрөйдүн кемпирди эмнеге антип алдаганын билбейм, анын үстүнө кары киши баладай эле болуп калат эмеспи, жанагы сааттын күкүгүндөй болуп, эшик ачылса эле "Таластан келдиңби, айланайын" деп күтө берип көзү тешилиптир. "Нан ооз тий" деди, карасам столдун үстүндө табакта катыган нан туруптур. Аңгыча түшкү тамактын маалы болуп калды. "Апа, тамакка барбайсызбы" десем, "жок, мен берген нанды алып келип эле чайга малып жеп алам" деди. "Эмнеге, өзөк жалгап албайсызбы, ысыгыраак бирдеме жеп" десем, "бул жакта оокатты чочконун майына жасайт экен, тамагыман кантип өтсүн" деди… Көрсө, куураган кемпир эки жылдан бери карандай чайга катыган нан туурап жеп жашап келиптир.

Акын, драматург Эрнис Турсунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дарика Жалгасынова: "Триумф жана трагедия" китебин чогуу жазууну Эрнис Турсунов сунуштаган
Эмнени ойлоп, эмне көрөм деп карылар үйүнө барганымды билбейм, бирок алдыман жер көчүп кетти. Көзүмөн аккан жашты эптеп аарчып, кийинки эшикке кирдим. Төр жактагы керебетте чачы куудай болгон кемпир жаткан экен. Тура албайт го, сыягы. Жанына барып, "эне, жакшысызбы?" деп учурашсам, "жакшы, айланайын" деп жооп берди. "Каяктан келдиңиз?" десем, "Таластан" деди. "Эмнени сагындыңыз?" десем, "балам, жүн тытканды сагындым" дейт. Муңканып, "ушундан көрө Таласка алып кеткен бирөө болсо, өз жеримде өлсөм жакшы болот эле, Таласымдан топурак буюрабы, билбейм" деди.

Көрсө, ал жакта көзү өтүп кеткен кишилердин айрымдарын эле жакындары алып кетип, жерге берет экен. Кабар берилгени менен көбүнө эч ким келбей койгондуктан, трактор менен эле бир чуңкур казып, целлофанга ороп жашырып коёт экен бияктагылар.

Заманам куурулуп, ылдый түштүм. Түшсөм, чачын таптакыр алып койгон байбичени алып келишти. Жанына отуруп, сүйлөшө кеттим. 80ден ашыптыр. Тянь-Шань районунун Оттук айылынан Айша деген кемпир экен. Карагул аттуу баласы ошол айылда бухгалтер болуп иштейт дейт. "Баламдын мындай кыларын билгенде, жаңы төрөлгөндө эле оонатып өлтүрүп салсам болмок экен" деди үшкүрүнүп.

Ал кез СССРдин убагы эле. Өзү бир айылда бухгалтер болсо, укмуш эле жашады да. Бир "Жигулиси" бар экен. Ал убакта "Жигулини" кишинин баары эле мине берчү эмес. Менчик унаа деген чанда кишиде эле болчу эмес беле. 

"Сүтактын" режиссеру: атам мени куттуктаганда, Оскарды алгандай болдум
"Эмнени, кимди сагындыңыз?" десем, "неберемди сагындым… ошону бир көрүп, жыттап өлсөм, арманым болбойт эле. Алып келбей коюшту…" дейт байкуш кемпир. "Эмнеге чачын алып койгонсуңар" деп сурасам, ал жердегилер кемпир биттеп кеткендиктен, ушинтип тасырайта кырып салышканын айтышты.

Андан кийин дагы бир кемпирге бардым, Ат-Башынын Ак-Муз айылынан экен. Кызы үйүнөн кубалап жибериптир… 

Мен муну такыр акылыма сыйдыра албай койдум, түшүнө албай, ушу күнгө чейин кыйналып келем. Болбосо, кыргыздар итин да журтка таштачу эмес эле го.

— Ошол көргөндөрүңүздүн баары ыр болуп төгүлдү, анан?

— Карылар үйүнөн келгенден кийин ойлонуп, муну макала кылып жазсам, бир окулуп эле ошол боюнча калат, андан көрө, түбөлүк чыгарма жаратайын деп, ырга айланттым. Ошондон "Эсиңе кел" деген чыгарма жаралды. Аны биринчи жолу Таттыбүбү Турсунбаева менен курсташ Сүйүнбек Бийназаров деген актер элге окуп чыккан. 

— Эл кандай кабыл алды?

— Концерттерде көп ирет окулду. Чымын учкандай жымжырттык өкүм сүрөр эле. Көптөрдүн көзүнө жаш айланчу. Чыдай албай залдан чыгып кеткендер да болчу. Мен өзүм да бул ырды уккан сайын көзүмөн жаш чыга берет. Кээ бирөө айтат экен "өзүнүн ырына ыйлап жатат" деп. Андай эмес да. Мен бул ырды укканда баягы кемпирлер, алардын муңдуу кеби, үмүттүү көз карашы, талкаланган тагдыры көз алдыма тартылат, ушу күнгө чейин элестерин көрөм, ошого ыйлайм…

Ачылган китеп. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлкөнүн белгилүү инсандарынын кеңештери: ата мекендик авторлордун беш китеби
Бир жолу концерт болуп жатат. Сүйүнбек ырды окуп бүтүп, элге жүгүнүп, сахнанын артына келе жаткан. Бир маалда залдан бир эңгезердей болгон кара жигит келип эле тигини жакалап калды, "эмне менин энемди окуп атасың, өлтүрөм азыр" деп. Тиги болсо "жазган кишини өлтүрбөйсүңбү" деп чырылдап алган. Филармониянын Келдибек Тургунбаев деген башкы режиссеру бар эле, азыр деле бар, далылуу жигит болчу, "эй, андай намыскөй экенсиң, энеңди алып кетип бакпайсыңбы, азыр милицияга салып берем" деп токтотту. Эл да ызырынып калды. Ошол боюнча тиги жигит жоголду. Ошондой окуя болгон.

— Кезинде чыгарма зор таасир тийгизди деп укканыбыз бар эле…

— Кийин бул чыгарманы Райымжан Курбанов ийине келтире окуду. Аны менен биз Таласка барып калдык. Анда Жазуучулар союзунда "пропаганда бюросу" бар эле. Таласты кыдырып жүрүп, бир күнү "Семетей" деген кинотеатрында ушул ырды окуду. Аягына чыкты. Эл бир паска дымый түшүп, анан кол чапты. Ошондо элдин арасынан бир жашы өтүп калган эже турду. Сыягы, жергиликтүү бийликте иштеген неме болсо керек. Азыр атын да унутуп калдым. "Шайлообек, айланып кетейин, силер тиги Шекерди айланып келгичекти жанагы таластык акмактардын жазасын колуна берип, карылар үйүндөгү эки кемпирибизди алып келебиз. Өзүбүз багабыз деген убадабыз мына" деди. Биз аркы айылдарды аралап келгичекти чынында эле баягы эки кемпирди Таласка алып келишкен экен. Багып, акыры көз жумгандан кийин ак кепиндеп аруулап көмүштү. 

Народный писатель Казат Акматов - Sputnik Кыргызстан
Залкарларды жоктоп…
Кемпирлердин тилеги ашып, өз жеринде жерге берилгенине, киндик каны тамган жерден топурак буюрганына өз ичимден ыраазы болдум. Таластыктар азамат экен, намысына келишти.

Менин оюма койсо, деги эле ушу карылар үйүнүн барын жоюп салат элем. Андай эле үйүңө батпай баратса, ошол аймакка бала бакча сыяктуу жайларды ачып кой. Кары киши деген өз жеринде, өз элинде жамандык-жакшылыкка катышып жүргөнү жакшы да. Бир эсе ошолордун балдарына да жакшы болмок, эл көзгө сайып турат эле. Тилекке каршы, мындай үйлөр күндөн күнгө көбөйүп жатыптыр го.

Жанагы кемпирлерди жакшынакай кийинтип каалаган үйгө алып барып төргө отургузуп койчу, үйдүн ырыс-берекеси артпайбы. Анын үстүнө, кыргыздын кемпирлери балпайып аябай жакшы карышат эмеспи. Ошол байкуштар карыганда жонуна халат, бутуна тапичке кийип, жол карап калам деп ойлогон жок да.

Кыргыздар,
Токтогула!

Энесин таштаганды,
Атасын таштаганды
Эл-журтка кошпогула!

Кыргыздар,
Токтогула!

Токтобосоң
Кайгы-муң каптайт бир күн,
Каныңды кактайт бир күн, 
Энесин таштагандар,
Эртең эле башыңа азап түшсө,
Элин да таштайт билгин!

Атасын таштагандар
Ата Журтун таштайт билгин!!!

Жаңылыктар түрмөгү
0