05:00 24 Үчтүн айы 2017
Түз эфир
Маракана стадиону, Рио-де-Жанейро, Бразилия. Архив

Риого аттанар алдында. Кыргыз спортун өстүрүү үчүн ата-текке, канга көңүл бөлүш керек

© AFP / YASUYOSHI CHIBA
Колумнисттер
Кыскача шилтеме алуу
Кабыл Макешов
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)
111120

Биздин колумнист Кабыл Макешов учурда Рио-де-Жанейродо өтө турган Олимпиадага спорт журналисти катары катышууга укук алып, аттанганы турат. Кетер алдында толгонуп, көптөн бери күдүк салган ойлору менен бөлүшүптүр.

Тилекке каршы, Кыргызстандын бокс боюнча курама командасы Азербайжанда өткөн лицензиялык турнирде жеңишти багынта албай, эл аралык мелдештен четтеп калды

Эгемендик кыргыз спортчулары үчүн Олимпиада жана Азия оюндарына жол ачып, совет доорундагы тоскоолдуктарды жок кылганы менен баалуу. 1996-жылы Атлантада өткөн Олимпиада оюндарына Кыргызстандын спортчулары эгемендүү өлкөнүн өз алдынча командасы катары биринчи жолу катышып, Кыргызстандын туусу алгач ирет Олимпиаданын ачылыш аземинде желбирегенде көзүмдөн кубанычтын жашы тамган эле. Анда оюндарга 33 спортчу барып келген. Ошондо Кыргызстандын атынан күрөшкөн орусиялык жалданма балбандар Александр Ковалевский, Владимир Александровдор 5-6-орунга жетип, алгачкы ийгилик жаратышкан. Кийинки 2000-жылкы Сидней олимпиадалык оюндарында Кыргызстанга казак балбаны Айдың Смагулов деген дзюдочу жигит коло медаль утуп берип, ал эгемендүү өлкөбүздүн тарыхындагы алгачкы байге катары жазылып калган. Андан кийин сегиз оюнга күбө болуп, Пекиндеги Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшүнөн Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев күмүш жана коло медаль утуп алганда, төбөм көккө жете сүйүнүп, Кыргызстандын кадыр-баркы көтөрүлгөн эле. Атланта, Афина, Лондон олимпиадаларында жолубуз болбой, шагыбыз сынып, кимди күнөөлөштү билбей, бечел өлкө экенибизди баамдап, ичтен сызып кайткам. 

Акталбаган үмүт

Биз мыкты спортчуларга жакшы шарт түзүп бере албагандыктан, жакшы устаттарыбыз чет өлкөлөргө кетип калгандыктан кыргыз спорту учурда дагы аксап келе жатат. Мунун негизги себеби эле экономикалык абалыбызга байланыштуу. Бир спортчуну оюндарга даярдаш үчүн чоң мамлекеттер бир миллиондон ашык АКШ долларын сарпташат. Коңшулаш Казакстанда, Өзбекстанда бир спортчуга учурда 400-500 миң АКШ долларын коротушат. 

Олимпиадалык оюндарга катышуу үчүн лицензия (жолдомо) алыш керек. Жолдомону дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттарда, же болбосо квалификациялык турнирлерде жеңип алыш зарыл. Жакшы спортчуларыбыздын кендирин каражат маселеси кесип келгени да жашыруун эмес. 

Бирок тилекке каршы, Афина жана Лондон олимпиадаларында Кыргызстан бир топ өлкөлөрдөй эч кандай байге албай "жөн эле" кайтып келди. Мындан трагедия кылууга деле болбойт. Бирок үмүттү жандырган грек-рим күрөшү, эркин күрөш, бокс боюнча чеберлерибиз байгеге илинет деп ойлогонбуз. Азиянын чемпиону болуп жүргөн жигиттерибиз Геннадий Чехаидзе, Уран Калилов, Данияр Көбөнов, Жанарбек Кенжеев, Арсен Эралиев, Айсулуу Тыныбекова жана башкалар байгеге илинип калат деген үмүттө элек. Ошол үмүт акталбай калды. Мындан кыргыз спортунун акыбалы туңгуюкка түшүп баратканына баа берсек болот. Спорт коомдору жоюлуп, 300гө жакын спорт мектептери бар эле, ошонун көбү жабылды. Мыкты адистер чет өлкөлөргө кетип калышты. Машыктыруучулардын дагы кесиптик чеберчилигин жогорулатуучу семинарлар, кеңешмелер болгон жок. Ал эми эл аралык, дүйнөлүк спорт өсүп-өнүгүп жатат. 

Экономикадан мурда улуттук дух жетишпейт 

Эми Рио олимпиадасына учурда 17 спортчу жолдомо алды. Бул ирет дагы грек-рим, эркин күрөш боюнча гана балбандардан үмүт кылып турабыз. Кыргыз спортундагы улуттук идеологиянын жоктугу, рух дөөлөттөргө маани бербегендик, үрп-адат, салт-санааны эске албагандык да өз кедергисин тийгизип жатат. Спортту өнүктүрүш үчүн улуттук идеология, рухий көрөңгө болуш керек. Анткени биздин спортчулар Атланта, Афина жана Лондон олимпиадалык оюндарында кан-жанын берип жанталашып күрөшкөн жок. Акыркы мүмкүнчүлүктөрүнө чейин аракет кылышпады. Жеңилип калганына деле кайдыгер болуп жүрүшкөнү алар үчүн сабак болбой, шаар кыдырып сейилдеп, көңүл ачып жүргөнүн көрүп капа болгом. Көпчүлүк спортчулар олимпиадалык оюндарга жөн эле "турист" болуп барып келгени, ар-намысты туу тута албаганы мени абдан өкүндүрдү. Жеңилип калышса деле кейишпейт. Башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү утулуп калса кайгырып, психологиялык жаман акыбалда болуп атканын көрдүм. Биздин жигиттер эртеси эле жайдары болуп, жеңилүүнүн себептерин талдабайт экен. Андан сырткары, айрым машыктыруучулардын деңгээли учур талабына жооп бербегенин байкадым.

Чынында кыргыз спортун өстүрүш үчүн генетикага, ата-текке, балбандар тукумуна, канына көп көңүл бурушубуз керек. Себеби балбандын, баатырдын тукумунан гана мыкты спортчулар чыгаары анык. Атасы, чоң атасы, бабасы баатыр болгон кишилердин балдарын, неберелерин алып келип машыктырыш керек. Генетикага көңүл буруп, селекциялык иш деп коет, ошону жасашыбыз керек. Атайын машыктыруучулардан турган комиссия Кыргызстанды кыдырып, спортко жөндөмдүү балбандардын, баатырлардын урпактарын, балдарын тандап алып, аларга камкордук көрүүсү зарыл. Чынында спортко жөндөмдүү, карылуу, чыйрак балдардын багы ачылбай айылда калып жатышат. Кыргыз спортунун тамыры, келечеги айылда деп айтаар элем. Көк шорпо ичип чучугунда кубаты жок шаардык балдардын ал-күчү чектелүү экени айдан ачык эмеспи. Каныбек Осмоналиев, Сатымкул Жуманазаров, Раатбек Санатбаев, Канатбек Бегалиев, Руслан Түмөнбаев, Данияр Көбөнов деле айылдан келишкен, аларды айыл бышырган. Бизде учурда айылдык спорттун акыбалы киши ыйларлык.

Эгемен өлкө болгону 60тан ашуун спорт имараттары жеке менчикке өтүп, ири спорт базаларынан кол жууп калдык. 22 жылдан бери кыргыз өкмөтү спорт имаратын курмак түгүл, Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунан жарака кетип, кулап калуу коркунучунда турат. 

Учурда кыздардын дүйнөлүк аренада кыргыздарды таанытууга мүмкүнчүлүгү бар экенин жаштар арасында Азия чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова далилдеп койду. Бирок эркин күрөштө, оор атлетикада, жеңил атлетикада, спорттун башка түрлөрүндө кыргыз кыздарын көрбөйсүң. 

Бу туңгуюктан канткенде чыкса болот? 

Кыргызстандын футбол федерациясына жылына 250 миң АКШ доллары өлчөмүндө Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жардам берет. Ошондой каражаттардын көбүн биз спорттун негизги түрлөрүнө сарпташыбыз керек эле. Мисалы, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, дзюдо, бокс сыяктуу кыргыздын канына сиңген спорттун түрлөрүнө сарптоо талапка ылайыктуу болмок. Бизде спорттук чоң-чоң мелдештер өткөндөн кийин унутулуп кала берет. Кийин төрт жылдан кийин олимпиадалык оюндар, эки жылдан кийин Азиялык оюндар болорун спорт чиновниктери эстеп коюшпайт. Ошол боюнча жүрүп, бир жыл калганда жанталашып даярдык көрүмүш боло баштайбыз. Азыр спортто медицина аябагандай өсүп, допинг-көзөмөл күчөдү. Кээ бир спортчуларыбыз кызытма колдонуп кылтакка түшүп калып атпайбы. Бул спортчу менен машыктыруучунун сабатсыздыгынан болууда. Керкисинде да, кемигинде да бар. Ошол себептен азыркы спорт индустриясын үйрөнүп, заманбап жабдууларды алышыбыз керек. Ошондо гана кыргыз спорту өсүп-өнүгөт. 

Бизде быйыл жакшы көрсөткүчкө жетишпей калган спортчунун стипендиясын алып же кыскартып салышат, спортчу болсо көңүлү чөгүп кала берет. Аны даярдаганга канча каражат короду? Чынында спортчуларда ар жыл сайын эле ийгилик, жеңиштер боло бербейт да. Ал үчүн көп жылдык мээнет, талбаган машыгуу, бекем сакталган режим керек. Айрым учурда спортчуларга берилген стипендия дагы өзүнүн чеберчилигин жогорулатканга, дагы күчтөп машыгып эл аралык мелдештерге барганга жумшалбай, акча үй-бүлөсүн, тууган-уругун, ата-энесин бакканга кетип калып жатпайбы. Ай сайын 5-10 миң сомдон 35-40 миң сомго чейин стипендия алган спортчуларыбыз бар. Ошол каражат толук кандуу тамактанганга, же болбосо өзүнүн чеберчилигин өстүргөнгө жетмек. А бирок аны үй-бүлөсү же туугандары талап жеп коюп жатканы абдан өкүнүчтүү?! Анан кантип кыргыз спорту өнүгүп өсөт? 

Окурман, сиз дагы ой-пикир айтаарсыз?! Эми Рио олимпиадасынан кийин дагы ой бөлүшөбүз деп ишенем.

Тема:
Олимпиадалык оюндар, Рио — 2016 (160)

Тема боюнча

Кыргызстандын мушкерлери Олимпиадалык лицензиядан куру жалак калышты
Депутаттар Олимпиадага катышчу спортчуларга бата бермей болушту
Белгилер:
Спорт, Олимпиадалык оюндар, Кабыл Макешов

ЭҢ МААНИЛҮҮ