10:38 03 Бештин айы 2016
Түз эфир
Бишкек шаарынын мэриясы. Архив

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Күздөгү эстен кеткис элестер…

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бурадар
Кыскача шилтеме алуу
5420

Кайыр кош, коңур күз! Биз сени сагынабыз.

Өтүп бара жаткан күз мезгили кереметтүү көз ирмемдер менен көкүрөктө сакталып калаары бышык. Жо-оок, күпүлдөтө өткөрүлгөн тойлор эмес. Күн сайын тойдон келген эттер дагы эмес. Ага тоюп, кан жүгүргөн беттер эмес, жаңыласыз. Конституциянын жоголушу жөнүндө такыр кеп болгон жок. Сөз сентябрь айында өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюндары тууралуу болууда. Эл аралык масштабдагы иш-чара тарыхта калаары талашсыз. Мындан сырткары, Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн президенттеринин жана ШКУнун саммити өттү. Балыкчыда болсо аскердик машыгуулар уюштурулду. Ал эми биздин редакция жаңы кеңсеге көчүп, буюрса радиобуз ишке кирди. Ал эми мультимедиалык пресс-борбору тууралуу айтпасам да белгилүү. Күздүн эң жагымдуу жаңылыгы, кесиптешибиз Эркин Алымбеков уулдуу болду. Урматтуу Эркин Уланович, бешик боо бек болсун! Sputnik Кыргызстан агенттиги сизди кызуу куттуктайт! Эненин эле эмес, элдин, атанын гана эмес, ааламдын уулу болсун! 

Баса, бул күздө биз рекорддук көрсөткүчкө жеттик. Кесиптештер, алга! 

(1:47 / 11.37Mb / )
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Мектеп менен чиркөөдөгү өрт кантип өчүрүлдү — асмандан көрүнүшү

Айдын жарымы караңгы, жарымы жарык эмеспи, андыктан тилекке каршы, күз жаман окуялар менен да коштолду. Кечээ күнү таң атпай Бишкектин 7-кичи районундагы жеке мектепте өрт чыкты. Аталган тилсиз жоо менен өрт өчүрүүчүлөр кечке дейре кармашты. Ошентип эртең менен чыккан өрт кечке жуук өчүрүлдү. Окуя болгон мектеп менен чиркөөнүн өрттөн кийинки абалынын бул жактан көрсөңүз болот

Тилсиз жоо тууралуу жаңылык жазып, этегибизди жыя электе "Дордой" базарындагы чатыр урады. Кырсык кошоктошуп жүрөт тура. Тилекке каршы, кырсыктан беш адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. 

Бүгүн Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында аба ырайынын температурасы нөлдөн жогору болорун Кыргызгидромет кызматы билдирди. 

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.15 (сатып алуу) жана 69.27 (сатуу) сомду түздү. 

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 36.80 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 35.80 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Жашоо өткөн күндөр эмес, эсте калган күндөр. 

Кудайым бөөдө кырсыктан алыс кылган болсун. Амандыгыңызды тилеп, Исмаил Мамытов. 

Белгилер:
кырсык, Өрт, аба ырайы, валюта, Бурадар

ЭҢ МААНИЛҮҮ