12:08 04 Бештин айы 2016
Түз эфир
Көчөдө бараткан шаардыктар. Архив

Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы жылуу болот

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Кыргызстанда
Кыскача шилтеме алуу
42 0 0

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрда Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында аба ырайынын температурасы нөлдөн жогору болорун Кыргызгидромет билдирди. 

Кар куроо. Архив
© Sputnik / Владимир Астапкович
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Чүй, Талас өрөөнүндө 10 градуска чейин жылуу болсо, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 7 градуска чейин жылуу болот. Ал эми Ысык-Көлдө 6 градус жылуу болсо, Нарында 10 градуска чейин суук болот.

Тема боюнча

Шерипова: бүгүндөн тарта күн 10 градуска жылып, кар көчкү коркунучу күчөйт
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызгидромет, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ