Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Элдин эсин алган ажо, соцтармактагы "кармаш"

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарына көрүнүш. Архивдик сүрөт
Бишкек шаарына көрүнүш. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башканы табалагандын ордуна, окуянын чоо-жайы кандай болгонун билүүгө ашыксак. Иш күндү ийгилик коштосун.

Президент бизди коркутуп… Стамбулдун аэропортунан өзүн жаман сезип, тез жардам кызматынын унаасы менен кеткен Алмазбек Атамбаевдин видеосу Интернетке жарыяланды. Ажобуздун мындай абалы, социалдык тармакта "алка-жакадан алышкан" талкууга жем таштады.

Оту күйүшпөй калды. Адамдын жашоосунда эмнелер гана болбойт. Канча жылдан бери эң идеалдуу деп келген голливуддагы атактуу жуп Анжелина Жоли менен Бред Питт эки жолго түшүп, ажыраша турган болду. Ушунча сонун жашап келатып эле эми пикирлери келишпей калган имиш…

Депутаттар айтты да. Дүйнөнүн тигил башында атактуу жуптар ажырашып жатса, Кыргызстанда Жогорку Кеңешке келип жакшы депутат болом дегендердин айласы куруй турган болуп жатат. 

Айтайын дегеним, шайлоодон өткөн партиялар өз тизмесин каалагандай өзгөртүүнү пландап жатышат. Эмне болорун көрө жаталычы.

Чүкөнү эми чоңдор да ойнойт. Ооо, кызыктын баары жакында башталат. Кадимки көчөнү чаң ызгытып ойногон чүкөнү эми чоңдор ойной турган болуп жатат. "Чоңдор" дегеним байлар. Бильярддан тажап бараткандар үчүн экен. Эми алар чүкөнү столдун үстүндө ойноп, саясаттан баштап бизнеске чейин сүйлөшө чер жазышат.

Жөнөкөйлүк. Мамлекеттик кызматка келгендер, Ак үйдүн астанасын аттагандар чиренип эле бөйрөк таяна буйрук берип калышат эмеспи. Бул жагына келгенде аткаминерлер Султан Ибраимовдон үлгү алышса. Адамдагы эң асыл сапат бул жөнөкөйлүк эмеспи.

Пейилиңен кагылайын, кыргызым. Биздин колумнист Алия Раимбекова Казакстанда иштеп-жашап жаткан мекендештер кол кабыш кылып, оор абалга туш келген кыргызга канчалык жардам бере аларын билип көрдү. Сизчи? Сиз да кол сунууга даярсызбы?

Капырай де! Кадимки эле көгүчкөндөр айрым кишилерден акылдуу экен. Көрсө, алар бирден тогузга чейин санаганды билишет экен. Ишенбесеңер муну окуп көргүлө.

Валюта наркы. Бүгүн сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.88 (сатып алуу) жана 69.06 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи-92 үлгүсүндөгү май 35.00 сом, Аи-95 үлгүсүндөгү бензин 39.00 сом, ал эми дизель майы 31 сомдон сатылууда. 

Соңку сөз ордуна. Какайганга какайгын, падышанын уулу эмес, ийилгенге ийилгин, атаңдан калган кул эмес. Баарыңарга көңүлдүү маанай каалап, Расул Үсөналиев.

Жаңылыктар түрмөгү
0