Баян Есентаеванын жолдошу 9 жылга эркинен ажыратылды

© AFP / Gil Cohen Magen/POOLМолоток судьи.
Молоток судьи. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бахытбек Есентаев жубайынын башка чара колдонуу сунушуна карабастан эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Сот казакстандык продюсер Баян Максат кызынын (Есентаева) мурунку жолдошу Бахытбек Есентаевди тогуз жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты. 

Соттук отурум Алматы облусунда райондор аралык сотто жабык өттү.

"Есентаев киши өлтүрүүгө аракет кылган деп табылып, тогуз жылга эркинен ажыратылды", — деди анын адвокаты Бекболат Жаксеитов.

Работа вневедомственной охраны ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Москвада жердештерин бычактаган КРдин эки жараны кармалды
Анын айтымында, Есентаевдин аракетинде адам өлтүрүүгө умтулуу жок болгондуктан, өкүм негизсиз чыгарылган. Адвокат жыныстык кылмыш боюнча толугу менен акталганын айтып, өкүм даттаныларын кошумчалады.

Баян Есентаева 10-июнь күнү бычакталып Талгар шаарынын ооруканасына жаткырылган. Кылмышка шектүү катары анын күйөөсү Бахытбек Есентаев кармалган. "Ден соолукка олуттуу зыян келтиргени үчүн" деген берене кийин "Адам өлтүрүүгө аракет кылуу" беренеси менен алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0