Кытайдын ири шаарында медиктерге жаңы iPhone алууга тыюу салынды

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүiPhone 7 телефонунун архивдик сүрөтү
iPhone 7 телефонунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай кадам элден өзгөчөлөнүү менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп жатканы айтылууда.

БИШКЕК, 29-сен. – Sputnik. Кытайдын Чунцин шаарындагы ооруканалардын биринде Apple продукциялары — iPhone 7 жана iPhone 7 Plus смартфондорун сатып алган медиктер иштен бошоо алдында турат. Бул туурасында РИА Новости cqnews сайтына шилтеме кылып билдирди.  

Apple компаниясынан аткаруучу директору Тим Кук. Архив - Sputnik Кыргызстан
Apple компаниясы миллиард iPhone сатканын жарыялады
Сентябрдын башынан тарта Apple iOS 10 платформасындагы iPhone 7 жана iPhone 7 Plus смартфондорун коомчулукка сунуштаган. 16-сентябардан тарта дүйнөнүн 28 өлкөсүнө: АКШга, Европанын бир катар мамлекеттерине, Кытайга, Сингапурга, Бириккен Араб Эмирлигине жеткире баштаган. Учурда Apple Кытайдын 36 өлкөсүнө адистештирилген дүкөндөрүн ачкан.

Ири Чунцин шаарындагы аялдар ооруканасынын кызматкерлерине америкалык компаниянын смартфондорун сатып алууга тыюу салынган. Басылма бул элден өзгөчөлөнө берүүчүлүк менен күрөшүү максатында жүргүзүлүп жатат деп билдирди. Маалыматта салынган тыюуга моюн сунбагандар, тагыраагы смартфон көтөрүп жүргөндөр, акчалай сыйлыктан, ал тургай ишинен ажырай тургандыгы айтылган. 

Жергиликтүү South China Morning Post гезити оорукананын жетекчиси бул маалыматты тастыктагандыгын, мындай кадам жергиликтүү өндүрүшчүлөрдү колдоо иретинде жасалганын айтканын жазды. Жетекчи буга чейин iPhone 6 менен iPhone 5ти колдонууга да тыюу салынганын кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0