Каримов Атамбаевге саммитке келгени үчүн ыраазычылык билдирди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевӨзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев. Архив
Өзбекстандын президенти Ислам Каримов жана Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекет башчылары эки өлкөнүн экономикалык жактан кызматташтыгын арттыруу жана саясый диалогду жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышып жатканы үчүн Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык билдиргенин президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Атамбаев Өзбекстанга болгон расмий сапарынын алкагында президент Каримов менен жолукту.

Президент Республики Казахстан Нурсултан Назарбаев выступает на пленарном заседании На пороге новой экономической реальности в рамках XX Петербургского международного экономического форума. - Sputnik Кыргызстан
Назарбаев: июнда ШКУга Индия менен Пакистан кирет, кийинки кезек Иранда
Жолугушуу маалында Атамбаев Каримовго меймандостугу жана саммиттин жогору деңгээлде уюшулгандыгына ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын эки тараптуу актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле эки өлкөнүн экономикалык жактан кызматташтыгын арттыруу жана саясый диалогду жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Андан сырткары, Атамбаев менен Каримов күн тартибиндеги эл аралык маселелер боюнча да пикир алышканын президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, учурда Ташкент шаарында ШКУнун 15-мааракелик саммити өтүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0