БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Быйылкы эпидемиологиялык сезондо бир киши грипптен каза болгонун Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшинге шилтеме берүү менен Новости-Казакстан маалымат агенттиги билдирди.
Башкы санитардык дарыгердин айтымында, Казакстанда башка мамлекеттердегидей жыл сайын грипп 1-2 киши каза болот.
"Мындай кишилер өз алдынча дарылангандыктан ушундай жыйынтык болууда", — деген Бекшин.
Башкы санитардык дарыгер грипп менен ооруганда дарыгерге убагында кайрылып, керектүү жардамды алуу керектигин баса белгиледи.