Кыргызстандын муфтийи Алматыда экстремизмдин алдын алуу боюнча жыйынга катышууда

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы. Архив
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азирети муфтий Токтомушев Максатбек ажы катышып жаткан иш-чарада Орто Азияда салттуу ислам мектептерин калыптандыруу маселелери боюнча пикир алмашуулар болууда.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Токтомушев Максатбек ажы Алматы шаарындагы өтүп жаткан "Орто Азияда салттуу исламды түзүү" аттуу улуттар аралык форумуна катышып жатканын муфтият билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш-чара Казакастан мусулмандарынын баш муфтийи Ержан ажы Малгажы уулунун төрагалыгы алдында өтүүдө. 

Мечитте баян окуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Дин кызматкерлери Москвадан сабатын арттырып келет
Форумдун алкагында коомчулуктун көөнүнө тийген террорризм менен экстремизмди болтурбоонун жолдору, Орто Азияда салттуу ислам мектептерин калыптандыруу, Уламалардын эмгектерин кайрадан басып чыгаруу, жаштарга адамкерчиликти үйрөтүү жана туура тарбия берүү, аларга туура динди жеткирүү сыяктуу темалардын алкагында пикир алмашуулар жүрүүдө.

Иш-чараны негизги максаты Орто Азияда бирдиктүү мусулман үммөтүн калыптандыруу, коомдун бирлигин жана тынчтыгын бекемдөө, мусулмандарды ортолук жолго үндөө болуп саналат.

Улуттар аралык жолугушуунун соңунда атайын резолюция кабыл алынмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0