Дин кызматкерлери Москвадан сабатын арттырып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековМечитте баян окуу учуру. Архив
Мечитте баян окуу учуру. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын катышуучулары ислам тарыхы, илими жана Куран боюнча толук маалыматтарга ээ болушат.

БИШКЕК, 30-окт. — Sputnik. Москва шаарында өтүүчү "Имамдардын билим деңгээлин көтөрүү" семинарына 10 кыргызстандык диний кызматкер жөнөп кеткенин муфтият билдирди. 

Теспи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Имамдар Баткенде балдарды зомбулуктан коргоого катышат
Маалыматка ылайык, семинар Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик Университети менен Москва Ислам Университетинде өтүп, жогорку квалификациялуу мугалимдер, серепчилер жана дин аалымдары сабак өтүшөт. 

Иш-чаранын катышуучулары ислам тарыхы, илими жана Куран боюнча толук маалыматтарга ээ болушат. 

Москва шаарында өтүүчү имамдардын окуусуна Кыргызстандагы диний кызматкерлерди жетектеп, КМДБнын диний окуу жайлар бөлүмүнүн башчысы Эргешов Аким Зулпукаров жөнөп кетти. 

Семинардын аякташы менен катышуучуларга атайын сертификаттар тапшырылмакчы.

Жаңылыктар түрмөгү
0