Аэропорт жанына түшкөн айыл-кыштактар. Кооптуулук коштогон учурлар

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүТурак үйлөрдүн үстүнөн учуп бараткан учактын архивдик сүрөтү
Турак үйлөрдүн үстүнөн учуп бараткан учактын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январь күнү эртең менен "Манас" аэропортуна конууга аракет кылган жүк ташуучу учак кулап түшүп, конуу тилкесине жакын жайгашкан Дача айылындагы 23 үйдү талкалап кетти. Андан 40ка чукул айыл тургуну каза болуп, 16 киши ар кандай жаракат алды.

Андан бери эки күн өтүп, каза болгондордун сөөгү жерге берилди. Эми авиакырсыктын кесепеттерине саресеп салып, келечекте аны алдын алуу жолдорун ойлонууга кезек келгендей. 

Каргашадан соң ойго келген бүтүмдөрдүн бири — аэропорттун жанында жашоо кооптуу экени болду. 

Аэропорттун айланасындагы коопсуздук, шарттар жана мыйзамдагы нормалар тууралуу Жарандык авиация агенттигинин аэропортторду сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Канатбек Бейшеналиев айтып берди. 

Аэропортко жакын жерге турак жай курууга болобу?

Эл аралык аба майдандарынын тегерегине турак жайлар үч чакырым алыстыкта курулушу керек. Ал эми ички каттамдарды кабыл алган аэропорттордуку эки чакырым. Тилекке каршы, бул нормалар 2015-жылдын 6-августунда гана кабыл алынып, мыйзамдагы оңдоп-түзөөлөр былтыркы жылдын башында ишке кирген. Ошол себептүү КРде буга чейин аэропортко жакын курулган үйлөрдү алып салууга мүмкүн эмес.

Мындай кырдаал Бишкекте элеби? 

Boeing 747 учагы кулаган жердеги издөө иштери - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган учактын экинчи кара ящиги табылды, алар Москвадан чечмеленет
Жок. Кыргызстанда көп аэропорттор шаар аймагында жайгашкан. Учурда өлкөдө иштеп турган 11 аба майданы бар. Бишкекте, Ошто, Чолпон-Атада, Караколдо жана Баткендегисинин эл аралык макамы болсо, ички каттамдарды аткарган аэропорттор Исфанада, Жалал-Абадда, Нарын, Казарман, Таласта жана Караванда жайгашкан. Мисалы, Жалал-Абад аэропорту шаардын ортосунан орун алган. Айланасы бүт турак-жайлар.

Көйгөйдү кантип чечсе болот? 

Мындай көйгөйлөр башка өлкөлөрдө да бар. Мисалы, Гонконгдо (Кытай) учактар асман тиреген үйлөрдүн арасынан өтүп кетет. Айрым өлкөлөрдө мындай учурда аэропортторду көчүрөт. Ошондой эле коопсуздук максатында күндүз гана иштеген аба майдандары бар.

Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев аэропортко жакын турак-жайларды көчүрүү маселеси өкмөттө көтөрүлө электигин Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирди. 

Анын айтымында, алгач кырсыктын кесепеттерин жоюу иштери аягына чыгышы зарыл. 

"Иликтөөнүн жыйынтыгы менен гана бул жерде элдин көчүрүлөр-көчүрүлбөсү чечилет. Жаңы үйлөрдү куруу боюнча азыр сөз боло элек. Өкмөт мүчөлөрү жана депутаттар менен кеңешип туруп чечим кабыл алабыз", — деди вице-премьер.

Ошондой эле ал учак кыйраган Дача айылы айыл-чарба продукцияларын өстүрүү үчүн убактылуу пайдаланууга берилгенин жана бул үйлөрдө туруктуу жашоого тыюу салынганын кошумчалады. 

Жергиликтүү бийлик эмне дейт? 

Ал эми Сокулук райондук жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктөрдү каттоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Казыбек Кубатов Дача айылында жашаган эл мыйзамдан тышкары иш кылбаганын айтат. 

"Айылдын расмий макамы — багбанчылык шериктиги. 1986-жылы 20,4 гектар жер бирилип, дача багбанчылыгы түзүлгөн. Жерди алгандар барып, дачалык үйлөрдү салышкан. Кийин айрымдары дайыма жашай тургандай шарттарды түзүп, үйлөрүн кеңейтишкен. Жеке менчикке чыгарып, ар бири укуктук жактарын тактап алышкан. Демек менчик үйдө жашоого мыйзам тыюу сала албайт. Айрым үйлөр өзүм билемдик менен салынган деген сөздөр туура эмес. Дача айылындагы бардык турак-жайлар аталган 20,4 гектардын ичине салынган. Айыл аэропорттон бир чакырымдай алыстыкта жайгашкан", — деди Кубатов. 

Юристтин пикири 

Кулаган учактын ээси ACT Airlines авиакомпаниясы кечээ чыгымдардын ордун толтуруп берээрин убада кылган билдирүүнү ЖМКларга жиберген. 

Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүш - Sputnik Кыргызстан
Кулаган учактын жерге сүрүлгөн изи — асмандан көрүнүшү
Бирок Дача айылында туруктуу жашоонун мыйзамдуу же мыйзамсыз экендиги боюнча эки ача пикирлер болуп жаткандыктан, юристтин пикирин сурадык. 

ПРЕЦЕДЕНТ юридикалык компаниясынын башкы директору Фатима Якупбаеванын айтымында, кырсыкка учактын бузулушу же учкучтардын катасы себеп болгону тастыкталса, жабыркаган жергиликтүү тургундарга түрк компаниясы компенсация төлөп берүүгө милдеттүү. 

"Эгерде авиакырсыкка учактын бузулуп калышы же учкучтардын күнөөсү бар экени себеп болгону аныкталса, ACT Airlines авиакомпаниясы жабыр тарткандарга токтоосуз компенсация төлөп бериши керек. Анткени учактын кулашына кыргыз майзамдарынын эч тиешеси жок", — деди Якупбаева. 

Аймактарда абал кандай

Аймактардагы иштеп жаткан жана убактылуу токтоп турган аба майдандарынын дээрлик бардыгынын тегерегине тарак-жайлар курулуп калган. 

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, аэропорт шаардан 10-12 чакырым аралыкта жайгашкан. 

© Фото / Зулфия Тургунова Айтмамат Кадырбаев: аэропорттун жанында турак-жайлар жокко эсе, болгону түштүк-батыш тарабында бир аз үйлөр бар
Аэропорты на территории Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Айтмамат Кадырбаев: аэропорттун жанында турак-жайлар жокко эсе, болгону түштүк-батыш тарабында бир аз үйлөр бар

"Аэропорттун жанында турак-жайлар жокко эсе, болгону түштүк-батыш тарабында бир аз үйлөр бар", — деди Кадырбаев. 

Жалал-Абад мэри Салайдин Авазовдун билдиргенине караганда, аэропортко жакын жайгашкан үйлөрдүн баары мыйзамдуу түрдө салынган.

© Фото / Талгат Бакиев Сүрөт: Салайдин Авазов: аэропортко жакын жайгашкан үйлөрдүн баары мыйзамдуу түрдө салынган
Аэропорты на территории Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Сүрөт: Салайдин Авазов: аэропортко жакын жайгашкан үйлөрдүн баары мыйзамдуу түрдө салынган

"Үйлөрдүн салынганына көп жыл болду. Ошол кездеги шаар, аэропорт жетекчиликтеринин расмий макулдугу менен жерлер мыйзамдуу берилип, үйлөр курулган", — деди шаар мэри. 

Казарман айыл өкмөт башчысы Өмөр Дөөлөтов үйлөр менен аэропорт тосмосунун аралыгы 500 метрди түзөрүн белгиледи.

© Фото / Азат Коюлчиев Казарман аэропортунун иштебей турганына 20 жыл болду
Аэропорты на территории Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Казарман аэропортунун иштебей турганына 20 жыл болду

"Аэропорттун тосмосу менен үйлөрдүн ортосу болжол менен 500 метрди түзөт. Ал эми учуу тилкесинен бир чакырымга жетип-жетпеген алыстыкта. Жыйырма жылдан бери иштебей турганына карабай аэропорттун акыбалы жакшы", — деди Дөөлөтов. 

Баткен аэропортун шаардын сыртына алып чыгуу пландары каралып жатканын шаар жетекчиси Абдыгапар Матказиев билдирди. 

© Фото / Улан Маккамбаев Баткен аэропортун шаардын сыртына чыгаруу пландары каралууда
Аэропорты на территории Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Баткен аэропортун шаардын сыртына чыгаруу пландары каралууда

"Аба майданы менен турак үйлөрдүн ортосундагы аралык 500 метрге жетет. Биз жаңы аэропорт үчүн шаардын четинен жер бөлүп берүүгө даярбыз, генералдык планын иштеп чыктык. Эми маселе каражатка барып такалат. Аны мамлекет жана инвесторлордон ала алабыз. Албетте аэропорт курууга аз акча кетпейт. Бирок бул — заман талабы, акыры боло турган иш. Каражат жок деп карап отура берүүгө болбойт", — деди Матказиев. 

"Манас" аэропорту

Ачык маалыматтарда "Манас" аэропорту менен эл жашаган жердин ортосундагы аралык 1,5 чакырым деп көрсөтүлгөн. Ал эми Сокулук райондук жерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Казыбек Кубатовдун айтымында, аэропортко эң жакын турган Дача, Здоровье, Трикотажник, Су-874, Труд дачалары аба майданынан болжол менен бир чакырым алыстыкта турат. 

Адистин ою

Жарандык авиация агенттигинин (ЖАА) мурдагы жетекчиси Эрмек Өмүралиев "болгон окуядан бийлик дагы, карапайым эл дагы сабак алып, коопсуздук нормаларын сактай башташыбыз керек" деп эсептейт.

Анын айтымында, ЖААга региондордогу аэропортко жакын жашаган жарандардан турак-жайын кеңейтүүгө уруксат сураган каттар өтө көп келет.

Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керек
"Алардын баарына аэропорттун тегерегине үч чакырымдан жакын жашаганга болбой турганын түшүндүрөбүз. Эл өзү ойлонушу керек. Карапайым адамдарга жер суратып алгандар бар, кийин алар алган жерди сатып алышат. Эң кызыгы — үй салуу үчүн эмес, жөн гана жерди кармап туруу үчүн. Анткени аэропорт аймагын кеңейтүүнү кааласа, ошол жерлерди ээлеринен сатып алууга мажбур болот", — деди Өмүралиев. 

Аэропорттордун айланасындагы турак-жай маселеси өтө көйгөйлүү экенин Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги дагы мойнуна алат.

Ведомствонун статс-катчысы Самат Бөрүбаевдин шаршембиде парламенттик радиодо айтканына караганда, Бишкек аэропортунун айланасындагы турак-жайлар мыйзамсыз. 

"Мындай көйгөйлөр көпчүлүк аэропорттордо бар. Жалал-Абад, Ош, Баткен жана Каракол шаарларындагы аэродромдорду көчүрүү маселеси үч-төрт жылдан бери талкууланып келе жатат. Авиакырсыктын кесепеттерин жойгондон кийин аба майдандарын көчүрүүгө донорлорду издей баштайбыз", — деди Бөрүбаев.

Эл көчүп кетүүгө даяр 

Айнагүл Усенованын Дача айылында жашаганына 14 жыл болду. Учурда үй-бүлөсү менен эч жерде каттоосу жок. Бирок өз үйүнө кызыл китеби бар экенин, анын жардамы менен эки жылдан бери банктардан насыя алып жүргөнүн айтат.

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Учак кырсыгынан каза болгондордун толук тизмеси
"Өкмөт өзү ары же бери чечим чыгарып бербей туруп, бизди мыйзамсыз жашагандар деп айтканына арданып жатабыз. Айылыбыздын макамын чечип бербегендиктен эч кимибиздин каттообуз жок, бирок жерибизге кызыл китептер бар. Банк аны күрөөгө алып, насыя берип жатат. Муну кандайча түшүнсө болот? Шайлоо алдында келген аткаминерлер "мени шайласаңар жарым жыл ичинде айылыңарга статус алып берем" дейт дагы, өтүп кенденден кийин унутуп калат. Биз мыйзамсыз жерде жыргаганыбыздан жашап жаткан жокпуз. Болгон кудуретибиз ушул жерлерге жетти", — деди Усенова. 

Анын айтымында, айыл тургундары бул жерден көчүп кетүүгө каршы эмес. 

"Ушундай кооптуу жерден ким эле көчүп кетүүнү каалабасын? Өкмөт жер бөлүп берип, үй салганга жеңилдетилген насыя берери, айтор, башында жардам кылса, биздин эл көчүп кетүүгө каршы эмес", —деди жергиликтүү тургун.

Аэропортко жакын жерлерде жашаган эл өз алдынча жер которуп кетүүгө мүмкүнчүлүгү жетпей турганын Жарандык авиация агенттигинин экс-директору Эркин Исаков дагы ырастады. 

"Өкмөт саясий эрктүүлүк кылып, аталган жарандарга башка жактардан жер бөлүп берүүсү зарыл", —деди адис.

Ошондой эле ал кырсык качан жана кантип келерин эч ким билбестигин, бирок коопсуздук үчүн аба майданынан алысыраак жашоо туура экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0