Рынок үчүн күрөш же ЕАЭБге кирген Кыргызстан бир жылда эмне тапты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан Казакстан чек арасы. Архив
Кыргызстан Казакстан чек арасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуудан өлкө эмне тапты? Анын оң жактары көп болдубу же терс жактары басымдуулук кылып кеттиби? Мунун баарын Sputnik Кыргызстан аныктоону чечти.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Жума күнү Кыргызстан Евразия экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) толук кандуу мүчө болгонуна туура бир жыл болот. Дал 2015-жылдын 12-августунда Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы бажы чек арасы ачылган эле. 

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө болуудан өлкө эмне тапты? Анын оң жактары көп болдубу же терс жактары басымдуулук кылып кеттиби? Мунун баарын Sputnik Кыргызстан аныктоону чечти. Бул үчүн биз негизги экономикалык көрсөткүчтөрдү алып, терс божомолдоолор ишке ашкан-ашпаганын текшердик.

Ички дүң продукция

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча биринчи жарым жылда ички дүң продукциянын (ИДП) көлөмү 173,6 миллиард сомду түзгөн. Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине караганда 2,3 пайызга төмөн. Бирок "Кумтөрдү" эске албаганда, өсүш 101,2 пайызды түзөт. Өнөр жайдан башка бардык тармактар өсүшкө жеткен. Ошону менен бирге алдын ала айтылган оң божомолдоолор тоо-кен тармагына да тиешелүү.

Ички дүң продукция - Sputnik Кыргызстан

"Жыл жыйынтыгы боюнча өсүш 1,5 пайызды түзгөн, бул бир катар факторлорго байланыштуу. Алсак, айрым тармактардын (мисалы, алтын кенин өндүрүүнүн) жанданышы жана жогорулашы күтүлүүдө", — деп билдирет Евразиялык өнүктүрүү банкынын (ЕАӨБ) башкы экономисти Ярослав Лисоволик.

Мигранттардын акча которуулары

Улуттук банктын маалыматы боюнча, өткөн жылдын беш айынын аралыгында акча которуулардын көлөмү 603,3 миллион доллар, ал эми үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 629,1 миллион долларды түзгөн. ЕАӨБдүн Интеграциялык изилдөө борборунун директорунун орун басары Михаил Демиденко биримдикке кошулуу мигранттар үчүн жакшы таасирин бергенин, ЕАЭБ өлкөлөрүндө иштөө үчүн тоскоолдуктар жоюлганын, эмгек маяналары ачык болуп калганын белгиледи. Алардын абалы жакшырганын статистика да айтып турат. 

Мигранттардын акча которуулары - Sputnik Кыргызстан

"Мисалы, өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Россияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны 1,6 пайызга өсүп, ал эми ЕАЭБге мүчө эмес Тажикстандын жарандарынын саны 13,7 пайызга кыскарды",— дейт Демиденко.

Тышкы соода

Өлкөнүн экс-премьер-министри Жоомарт Оторбаев мурдараак Кыргызстан тышкы соодасынын көлөмү ИДПнын көлөмүнөн жогору турган дүйнөдөгү беш өлкөнүн бири деп сыймыктануу менен айткан. Бирок калган төрт өлкөнүн деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Экономиканын башкы кыймылдаткычтарынын биринде абал кандай?

Тышкы соода - Sputnik Кыргызстан

Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, алгачкы беш ай ичинде тышкы соода жүгүртүүнүн деңгээли январь-июнь аралыгындагыга караганда 300 миллиондон ашык долларга кыскарып, 1 миллиард 941 миллион долларды түздү. Бирок мындай төмөндөө алтынды экспорттоонун 180 миллион долларга кыскарышы менен байланыштуу. Баалуу металлды эсепке албаганда, экспорт 1,7 миллион долларга өсүп, 244,9 миллион долларды түздү.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара соода - Sputnik Кыргызстан

Евразиялык экономикалык комиссиянын маалыматына ылайык, алгачкы беш айдын жыйынтыгы боюнча ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ортосундагы соода 17 пайызга кыскарган. Өткөн жылдын январь-май айларындагы көрсөткүчкө салыштырганда КРдин Казакстан менен соодасы жартыга, Россия жана Армения менен үчтөн бирине жана Белоруссия менен төрттөн бирине кыскарган.

"Мындай төмөндөө теңге менен рубль кунунун түшүп кетишине байланышкан. Ага жараша калктын төлөө мүмкүнчүлүгү кыскарып, өз ара соода да түшүп кеткен. Мисалы, ЕАЭБ өлкөлөрүндө биздин экспорттук товарларды азыраак сатып алып калышты. Бирок биз ЕАЭБге мүчөбүзбү же жокпу, экспорттун көлөмү баары бир кыскармак", — дейт экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев.

Чет элдик инвестициялар

ЕАЭБге мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБдеги бир жыл — эксперттер биримдиктин оң жана терс жактары жөнүндө
Мурдараак Кыргызстан ЕАЭБге кошулушу менен ага мүчө өлкөлөрдөн келүүчү инвестициялардын көбөйүшүнө алып келет деп убадаланган эле. КРдин Улуттук статкомдун маалыматы боюнча, чет элдик түз инвестициялардын агымы 2015-жылдын биринчи үч айына караганда быйыл январь-март айларында 2,1 эсе кыскарып, 150 миллион долларды түздү.

АКШ менен Канададан инвестиция бир топ кыскарып, бирок Түркия, Кытай, Россия жана Казакстан өлкөлөрүнөн келген инвестициялар өскөн. 

Товардын баасы

ЕАЭБге кошулуудан товарлардын баасы өсүп кетет деген пикир көп айтылып келген. 

Улуттук статкомдун маалыматына ылайык, 2015-жылдын декабрына салыштырыганда үстүбүздөгү жылдын биринчи жарымында керектөөчүлүк баалар 1,8 пайызга кыскарган. Картошка, балык, алма, ошондой эле гречканын баасы өскөн. Ал эми ун, өсүмдүк майы, сүт, жумуртка жана колбаса азыктарынын баасы арзандаган.

"Ооба, "коркутуп-үркүтүүлөр" ишке ашкан жок, экспорттук товарлар гана кымбаттады. Ошону менен катар, чек аралардын алынышы менен ун, өсүмдүк майы, башкача айтканда, биз ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келүүчү товарлар арзандады", —деп белгилейт Акенеев. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келип жаткан каржылык жардам

Казакстан менен Россия жалпы рынокту коргоо үчүн бир катар иш-чараларды аткарууда Кыргызстанга көмөк көрсөтүүнү убада кылышкан. Бирок Казакстан тараптан айтылган 100 миллион доллар келген жок. 

"Коңшу өлкө акча убада кылды эле, бирок бир тыйын да бербестен, шлагбаум коюп салышты. Бул жакшы эмес, бирок болгон иш. Мындай чара бизге керек имиш. Азыркы премьер кырдаалды түшүнүп, лабораторияларды ачууга каражат тапты, учурда алардын курулушу толук кандуу жүрүп жатат", — деген жакынкы арада президент Алмазбек Атамбаев. 

Өкмөт башчысы кошуналардын кылганы Кыргызстан тең тайлаша атаандаштык кыла албай калсын деп атайын жасалгансыйт деп белгилеген.

Россия болсо 200 миллион доллар бөлүп берүүнү убада кылган, анын айрым бөлүгү текшерип өткөрүү түйүндөрүн жабдууга жумшалат. Бул чек арадан эле фитосанитардык, ветеринардык жана карантиндик көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

"15 пункт жабдууланышы керек, бул үч баскычта жүрөт. Эки баскычы аткарылган, макулдашууда көрсөтүлгөндөй, долбоор 2017-жылдын 12-августунда толук аягына чыгат", — деп билдиришти Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат кызматынан.

Ошондой эле Россия Кыргызстандын экономикасын жаңылоо үчүн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүп, анын уставдык капиталы 500 миллион доллар болору пландалган.

"11-августка карата фонд республика боюнча жалпы суммасы 8,2 миллиард сомду түзгөн 411 долбоорду каржылоону жактырды", — деп айтылат ОКӨФтин сайтында.

Экспорт көйгөйлөрү

4-майда Казакстандын Айыл чарба министрлиги жашылча-жемиштердин нематода менен жабыркаган учурлар көбөйүп кеткенине байланыштуу КРден картошка алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Жогорку даражадагы сүйлөшүүлөрдөн кийин гана бир айдан соң бул тыюу жоюлган.

Ошондой эле азыркыга чейин ветеринардык көзөмөл алынбай турушу эт-сүт азыктарын экспорттоону кыйындатууда. Россияга 15 ата мекендик ишкана өз продукциясын чыгара алганы менен бул баары бир убактылуу чечим. 

"Казакстан тараптан жасалган бут тосуу өз кызыкчылыктарын коргоого байланышкан. Мисалы, ЕЭКтин чечимине карабай, азыркыга чейин кыргыз-казак чек арасында фитосанитардык көзөмөл туруп, ал жүктөрдү кайра кайтарып жатат. Же картошка менен байланышкан жагдайды алалы, ташып кирүүгө тыюу жоюлганы менен бул мезгил аралыгында өз картошкасын сатканга үлгүрүштү. Буга философиялык мамиле кылуу керек, мындай өз кызыкчылыгын алдыга жылдыруу кайталана берет", — деди Кыргызстан рыноктор ассоциациясынын президенти Сергей Пономарев.

ЕАЭБге бир жылдык мүчөлүгү үчүн Кыргызстанга кандай баа берилет же келечек кандай?

Пономарев айрым тармактарга "эки" же "үч" деген баа койсо болот деп эсептейт.

"Лабораторияларга байланышкан жайларда өкмөт "сага да жок, мага да жок" дегендик кылып, аларды мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында куруудан баш тартып койду. Бизде, тилекке каршы, айыл чарбада майда товар өндүрүшү басымдуулук кылат, андыктан экспорттун көлөмүн камсыз кыла албайбыз, анын үстүнө логистиканын үстүндө да иштөө керек. Бирок ЕАЭБ көп мүмкүнчүлүк бере турганын түшүнүү керек, андай мүмкүнчүлүктөрдүн бир катары колдон чыгып кеткенине азыр биздин атка минерлердин көзү жетип турат", — дейт Пономарев. 

Ошону менен катар ал мүмкүн болчу бардык чоочулоолор артта калды, ишкерлер менен атка минерлер жаңы шарттарга ылайыкташып, эми оюндун эрежелерине баш ийе башташты деп эсептейт. 

"Күзгө карай ишкердик жанданып, 2017-жылга оң жылыштар менен келебиз. Биз төмөндөөнүн акыркы чегине жеттик, эми өйдөлөйбүз, албетте, бул мыкты жылдардагыдай болбойт. Бирок жылыш оң болуп жатканы талашсыз", — дейт Пономарев.

Акенеевдин ою бир топ көтөрүңкү маанайда, ал Кыргызстанга "төрт" деген баа берет.

АСЕАНга мүчө мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЕАЭБ мамлекеттери менен АСЕАН эркин экономикалык аймак түзөт
"Кантсе да көп иш аткарылды. ЕАӨБ берген ИДПнын 1,5 пайыз өсүшү жөнүндө божомолу өтө эле коомай жасалган. ОКӨФтин насыяларынын, айыл чарба өндүрүмүнүн экспортунун, мигранттардын акча которууларынын аркасында ИДӨ жыл жыйынтыгы боюнча 7-8 пайыз өсөт деген божомолум бар, — деди Акенеев.

Акырында эки эксперт тең Кыргызстан өнүгүшү үчүн майда товарлык өндүрүүдөн четтеп, күнөсканаларды куруп, кооперативдерди түзүп, кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүшү зарыл экенин эске салышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0