Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Алмагүл Нурбаева: 4 тонна помидорум жарабай калды

© Фото / Зульфия Тургунова"Тешик-таш" базарында соода кылган Аламгүл Нурбаева
Тешик-таш базарында соода кылган Аламгүл Нурбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош шаарындагы "Тешик-Таш" базарынын жабылышына каршы болгон сатуучулар нааразылык акциясына чыгышты. Эскерте кетсек, мындан үч күн мурун базардын чыга беришинде автоунаанын оң эместигинен улам, айдоочу 52 жаштагы аялды тебелетип алып, ал ооруканага жетпей каза болгон. Мындан улам шаардын мэриясы аталган базарды башка жакка көчүрүүнү чечкен.
Алмагүл Нурбаева: 4 тонна помидорум жарабай калды

Нааразы болгондордун бири, дүңүнөн соода кылган Аламгүл Нурбаева базарга кире албай калганынан улам Таластан алып келген төрт тонна помидору жараксыз болуп калганын айтат.

"Насыянын акчасын төгүшүм керек эле. Бирок эртең менен милиция кызматкерлери помидор салынган унааны базарга киргизбей коюп, ал жарабай калды. Кредит менен эле жашап жатабыз да. Өкмөттөн бир тыйын албайбыз, өз тиричилигибизди өзүбүз кылсак да ушундай кырдаалга кабылдык", — деди соодагер.

Нурбаева "Тешик-Таш" базарын көчүрө турган жерде соода кылууга эч шарт жоктугун белгиледи.

Эскерте кетсек, аялдын өмүрүнө забын болгон унаанын айдоочусу эки айга камакка алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0