Нарындан башка аймактарда эртең күн жылуу болот

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз экономикалык университетинин имараты. Архив
Кыргыз экономикалык университетинин имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 14-декабрда Нарын облусунан башка аймактарда күн жылуу болорун Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, тоолуу аймактарда жана тоо этектериндеги жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 

Чүйдө — 14, Таласта — 12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 12 градуска чейин жылуу болот. Ысык-Көлдө 8 градус жылуу болсо, Нарында беш градус суук болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0