Зордук-зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндер эми ӨКМге кайрыла алат

© Sputnik / Табылды Кадырбеков112 номерин терип жаткан адамдын архивдик сүрөтү
112 номерин терип жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зордук-зомбулук тууралуу чалуулардын бардыгы анонимдүү болот. Даярдалган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндер Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун 112 кызматына кайрылышса болот. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. 

Аталган борбордун начальниги Мухамед Сваров белгилегендей, мамлекеттик бирдиктүү диспетчердик кызмат 2014-жылдын декабрь айында ачылган.

"112 номерине гендердик жана үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган жарандар чалышса болот. Бардык маалыматтар анонимдүү болот", — дейт Сваров.

Ал бардык келип түшкөн маалыматтар, арыздар Ички иштер министрлиги менен Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү органдарына өткөрүлүп берилээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0