Кыргыз өкмөтү порно эпизоддорду камтыган тасмаларды сатууга тыюу салды

© AFP / GREG BAKER Секс кукла. Архив
Секс кукла. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө жана сатыкка чыгарууга тыюу салынган фильмдердин тизмесин аныктап чыкты. Аны атайын түзүлгөн ведомство аралык эксперттик комиссия тактайт.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бир катар фильмдерди, анын ичинде порнографиялык элементтерди камтыган тасмаларды сатыкка чыгарууга тыюу салуу боюнча өкмөттүн токтомуна кол койду. 

Аталган токтом 21-октябрда өкмөттүн сайтында жарыяланды.

Ага ылайык, Кыргызстандын аймагында төмөнкүдөй көрүнүштөрдү камтыган аудиовизуалдык чыгармаларды сатууга тыюу салынат:

  • порнография көрүнүштөрү (эпизод);
  • экстремисттик жана сепаратисттик чыгармалар;
  • бийликти басып алууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, суверенитет жана мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга багытталган ачык үгүттөр;
  • согуш, зомбулук жана таш боордукка чакырыктар;
  • терроризмди актоого чакырган жана башка террористтик иш-аракеттерди колдогон;
  • коомдук коопсуздукту бузууга багытталган ачык жарыялар;
Проблема проституции во Франции - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "түнкү көпөлөктөрдүн" уюгу табылды
улуттук атрибуттар жана символикалар, башка террористтик уюмдардын тыюу салынган белгилерге (көркөм акталган ой-толгоолордон сырткары) үгүттөгөн коомдук демонстрациялар;
  • жарандык жана улуттук этика нормаларын бузган, мамлекеттик символикалык атрибуттарын (герб, туу, гимн) мазактаган;
  • баңги, психотроптук заттарды жана маалыматтарды ачык үгүттөгөн;
  • өзүн-өзү өлтүрүүгө чакырган же өзүн-өзү өлтүрүү боюнча сюжеттер жана аргументтерди камтыган үгүттөр.
  • Бул тизмеге кире турган тасмаларды атайын түзүлгөн ведомство аралык эксперттик комиссия аныктайт.

    Жаңылыктар түрмөгү
    0