Эртең Кыргызстанда жаан жаайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖамгырда бараткан кыз. Архивдик сүрөт
Жамгырда бараткан кыз. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 18-23 метрге чейин жетиши мүмкүн.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Эртең жума күнү Кыргызстандын аймагында мезгил-мезгили менен жаан жаай турганын Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Жолдо бараткан унаанын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Чаткалдагы Кара-Буура ашуусу май айына чейин жабылды
Абанын температурасы Бишкекте түнкүсүн 1…3, күндүз 4…6 градус жылуу болот. Ош шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 12…14 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ал эми калган аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде жана Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0