Бейшембиде күн ачык болот

Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бейшембиде жылуу аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидрмет билдирди. 

Унаанын айнегине кардан тартылган быйтыкча - Sputnik Кыргызстан
Кыштын белгиси. Ак карга таасирленген социалдык тармактын колдонуучулары
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет. 

Бишкекте абанын түнкү температурасы 4…6 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9 градус, күндүзгү жогорку температурасы 20…22 градус жылуу болот. 

Нарын облусунда жана Чуй, Ысык-Көл, Талас облустарынын тоолуу райондорунун айрым жерлеринде жаан жаайт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0