Эртең борбор калаада күндүн табы төмөндөп, 20 градус болот

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аялдын архивдик сүрөтү
Кол чатыр көтөргөн аялдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Эртең борбор калаа Бишкекте аба ырайы башка күндөргө салыштырмалуу төмөндөйт, тагыраагы + 20 градус болот. Ал эми Ош шаарында + 23 градуска жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.

1-октябрда Кыргызстандын аймагында ылдамдыгы секундасына 20 метрге жеткен шамал болуп, ал эми Кыргызстандын тоолуу райондоруна кар жаашы күтүлөт.

Андан сырткары Кыргызгидромет 3-октябрга чейин өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөрүп, салкындаарын эскертти.

Токтогул суу сактагычынын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Токтогулда суу көбөйдү. Кыштан үшүбөй, үлдүрөбөй чыга алабызбы?..
2-октябрда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоо этектеринде жамгыр карга айланышы мүмкүн. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 10…15 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 15…20 градус жылуу болот. Ал эми Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде 8…13 градуска көтөрүлөт. Тоолуу райондордо 1…6 градуска чейин төмөндөшү мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

3-4-октябрда Чүй облусунун тоо этектеринде, Талас өрөөнүндө жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында айрым жерлерде 0…-2 градус болуп, үшүк жүрөт. Мындай үшүктүн жүрүшү жыйналбаган жашылчага, мөмө-жемиштерге жана казылып алынган картошка, кант кызылчасы үчүн коркунучтуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0