Каржы министри: референдум өткөрүүгө 317 млн. сом керектелет

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКыргызстандагы шайлоо. Архивдик сүрөт
Кыргызстандагы шайлоо. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимовдун айтымында, учурда БШКга жергиликтүү кеңешке шайлоолорду өткөрүү үчүн 235 миллион сом бөлүнгөн.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Референдум өткөрүүгө 317 миллион сом керектелет. Бул тууралуу Финансы министринин орун басары Алмазбек Азимов парламенттен билдирди. 

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңеште Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү мыйзам долбоору каралып, депутаттар демилгечилерге суроо берип жатышат. 

"Референдумду өткөрүүгө 317 миллион сом жумшалат. Учурда БШКга жергиликтүү кеңештерди өткөрүү үчүн 235 миллион сом бөлүнгөн. Эгерде шайлоолор бир күндө өтө турган болсо, анда 369 миллион сом керектелет. Ошондуктан 134 миллион кошуп койсок болот", — деди Азимов. 

Аталган мыйзам долбоору боюнча талкуу түшкү танапистен кийин уланмай болду.

Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикирин Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0