Атамбаев аукциондорду электрондук форматта өткөрүү боюнча мыйзамга кол койду

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүБалка. Архив
Балка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

БИШКЕК, 27-июн. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев "Тооруктарды, аукциондорду өткөрүү маселелери боюнча айрым мыйзам актыларын өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2016-жылдын 18-майында кабыл алынган.

Анын максаты — тооруктарды жана аукциондорду электрондук форматта өткөрүү үчүн укуктук негиздерди түзүү.

Электрондук форматта өтө турган тоорук жана аукциондорду өкмөт төмөнкүдөй ыраатта аныктайт:

  • жер тилкелерин менчикке же пайдаланууга сатуулар;
  • муниципалдык мүлктү сатуу боюнча аукцион жана муниципалдык менчиктеги объектилерди пайдаланууга жана ижарага берүү боюнча аукцион;
  • камактагы мүлктү, камакка алуунун негиздерине жана түрүнө карабастан, мыйзам боюнча айландыруудан алынып салынган мүлктөн башкасын, сатуу боюнча тооруктар; өндүрүп алууга жаткан кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча тооруктар. 

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0