Окуучулардын ата-энелерин салыктын айрым бөлүгүнөн бошотуу сунушталууда

© Sputnik / Табылды КадырбековШкольники на одном из улиц Бишкека. Архивное фото
Школьники на одном из улиц Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Балдары билим алып жаткан ата-энелер салыктын айрым бөлүктөрүнөн бошотулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Үй-бүлөдө эки же андан көп окуучу баласы бар ата-энелерди салыктын айрым бөлүктөрүнөн бошотуу сунушталууда. Салык кодексине киргизиле турчу тийиштүү толуктоолор коомдук талкууга чыгарылды.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар окуу жайга төлөнүүчү каражатты сом менен ишке ашырууну сунушташты
Демилгечи депутат Экмат Байпакбаев ата-энелер азыркы учурда деле жеңилдиктерге ээ экенин айтты. Бала бакчадан баштап окуу жайга чейин билим алып жаткан баланын ата-энеси кирешесинин 10 пайызына салык салынбайт. Бирок көпчүлүк жеңилдиктер аз болгондуктан аны колдонбойт.

Документтин негиздемесинде жыл сайын билим алуунун төлөмү жогорулап жатканы, анын өсүү темпи кирешенин өсүшүнөн ашып кетип жатканы белгиленген. Андыктан үй-бүлөсүндө экиден көп окуучу бар ата-энелерге кирешесине салынчу салыкты төрттөн бир бөлүгүнө чейин азайтуу сунушталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0