Кара күчтүн аталары же кыргыздан чыккан азыркы балбандар

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Чыпалак баатыр" Зарылбек Аликенов. Архив
Чыпалак баатыр Зарылбек Аликенов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ташчайнар", "Темир киши" жана "Чыпалак баатыр". Кыргыздын бул балбандары учурда кыргыздын атын алыска таанытып жүрүшөт. Өнөрлүү өлбөйт деген кеп жөн айтылган эмес. Sputnik Кыргызстан агенттиги назарыңыздарга бүгүнкү күндүн беш балбанын сунуштайт.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Манас атанын урпактары эзелтен эр жүрөктүүлүгү, балбандыгы менен даңазаланып келген. Тарыхты барактап көрсөк баатырларыбыз миңдеп саналат. Алардын бири катары кара күчтүн атасы Кожомкул балбанды мисал келтирүүгө болот. Кожомкул күчкө толуп турганда 400 килограмм өгүздү жаракадан сууруп чыгып, атын Төө-Ашуудан көтөрүп өткөн. Суусамырда болсо "Кожомкулдун ташы" деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 килограмм. Балбандын мындан сырткары лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы белгилүү. 

Манастан Чубак кем бекен. Азыркы балбандарыбыз дале болсо дүйнө элдерин таң калдырып, өз өнөрлөрүн көрсөтүп келет. 

"Ташчайнар" Нурлан Алишеров — 1976-жылы 24-мартта Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунда төрөлгөн. Ташчайнар тиши менен 20 унааны, 35 тонналык учакты сүйрөп, бир мүнөттө 20 мыкты сууруп жана 1,5 мүнөттө тиши менен 50 жаңгак чагып Гиннесстин рекорддор китебине кирүүгө аракет кылып келет. Мындан сырткары, балбан Россиянын атактуу "Минута славы" долбоорунун катышуучусу жана Германия, Украинадагы сынактарда байгелүү орундарга жеткен. Нурлан мырзанын бир бөйрөгү жок экенин көпчүлүгү биле бербейт. 

"Темир киши" Азамат Бараков — 26 жаштагы Азамат балбан өзүнүн жаш экенине карабай буга чейин Германия, Украина сыяктуу атактуу өлкөлөрдө кыргыздын желегин желбиретип келет. Ал тиши менен кадимки челекти айрып, колу менен сковородканы ороп салат. Жанчылган айнектин үстүнө жатып, беш киши көтөрөт. Мындан сырткары анын 100гө чукул өнөрү бар.  

"Чыпалак баатыр" Зарылбек Аликенов — 18 жашында 130 килограммдык буканы көтөрүп ыргыткан. Учурда чыпалагы менен мыкты ийрейтип, 24 килограммдык гираны 10 ирет көтөрөт. Бул аз десеңиз чыпалагы менен автобус сүйрөйт. 

"Мык чайнар" Сапарали Акбарали уулу — быйыл болгону 20 жашка чыгат. Ал тиши менен мык чайнап, чачы менен жүк ташуучу унаа сүйрөйт. Быйыл Сулайман-Тоого ат көтөрүп чыгууну пландоодо. Балбан келечекте чачы менен поезд сүйрөйм дейт. 

"Жаш балбан" Ринат Исмаилов — 19 жаштагы Ринат былтыр 12 тонналык беш маршрутканы тиши менен сүйрөгөн. Мындан сырткары, ал эки жүк ташуучу унааны жип менен карысына салып, жылдырбай кармап тура алат. Исмаилов Казакстан, Кытайдагы сынактарга катышып, баалуу белектерге ээ болгон. 

Жаңылыктар түрмөгү
0