ИИМ Жол кайгуул кызматы эми кандай аталарын айтып берди

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кайгуул кызматкерлери. Архив
Жол кайгуул кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы башкармалыкта 3 миңге чукул адам иштеп, алар негизинен кылмыш жана мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүү менен алектенет.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен Пост кызматтарынын бириктирилип, Кайгуул милициясы түзүлгөнүн ИИМдин өкүлү Тилек Оторов билдирди.

Буга чейин премьер-министр Темир Сариев эки кызматты бир башкармалыкка бириктирүү боюнча токтомго кол койгон.

Оторовдун айтымында, жаңы кызмат Кайгуул милициясынын башкы башкармалыгы (КМББ) деп аталат.

"Кайгуул милициясынын түзүлүшү — бүгүнкү күндүн талабы. Коңшу мамлекеттерде мындай структуралар эчак эле түзүлүп, өз жемишин бере баштады", — деди ал.

Оторов эки кызматтын кошулушунан улам башкармалыкта иштеген кызматкерлердин саны көбөйө турганын белгиледи. Бул иштин натыйжалуулугун арттырып, жалпы республика боюнча кылмыштарга жана мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүүгө шарт түзөт.

"Башкармалыкта үч миңге чукул адам иштейт. Бир кайгуул унаасында үчтөн киши бекитилет — мурунку Жол кайгуул кызматынын бир инспектору менен Посттук кызматтын эки милиционери болот. Баары курал менен камсыздалып, иши кылмыштарга жана мыйзам бузууларга ыкчам аракет көрүүгө багытталат", — деди Оторов.

Анын айтымында, кайгуул милициясы 3-5 мүнөттүн ичинде окуя болгон жерге жетип барат, ал эми зарыл учурда артынан ыкчам иликтөө тобу да келери каралган.

"Муну менен бирге көчөлөргө жөө көзөмөл жасоо сакталат. Чет элдик делегациянын кортеждерин коштоп жүрүү КМББнын башка бөлүмүнө милдеттендирилет", — деди ал.

Буга чейин өкмөт башчы Бишкекти күнү-түнү көзөмөл кылуу үчүн 100 унаа бөлүнө турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0