Дем алыш күндөрү Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар жаайт

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOТоолу аймак. Архив
Тоолу аймак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетери болжолдонууда.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Кыргызстандын көпчүлүк тоолуу аймактарында дем алыш күндөрү кар жаай турганын Кыргызгидромет билдирди. 

Бишкек шаарындагы фонтан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында күн 24 градуска чейин ысыйт
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетээри болжолдонууда.

Бүгүн, 9-октябрда Чүй өрөөнүндө күн +35 градуска чейин ысыйт. Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында күндүз +33 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0