Кыргызстан тышкы чек араларындагы бардык текшерип-өткөрүү пунктарын жаңыртышы керек

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Ак-Жол" көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив
Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЕАЭБдин ченемдерине ылайык, Кыргызстан биримдикке киргенден тарта бардык текшерип-өткөрүү пунктарын эки жыл ичинде жаңыртып жабдуусу зарыл.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Кыргызстан эки жыл ичинде тышкы чек аралардагы текшерип-өткөрүү пунктарынын баарын жаңылап жабдууга милдеттүү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Азамат Сулайманов билдирди.

"Кытай менен чектешкен жердеги эки текшерип-өткөрүү пункту, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактагы үч көзөмөл пункту жаңыртып жабдылды. Ошондой эле "Манас" жана "Ош" эл аралык аэропортторунда эки пункт жаңыртылды", — деди Сулайманов.

Атамбаев менен Назарбаев кыргыз-казак чек арасын ачты
ЕАЭБдин ченемдерине ылайык, Кыргызстан биримдикке киргенден тарта бардык текшерип-өткөрүү пунктарын эки жыл ичинде жаңыртып жабдуусу керектигин ал кошумчалады.

Кыргыз-казак чек арасындагы текшерип-өткөрүү пункттарын кошпогондо, Кыргызстандын чек арааларында бардыгы болуп 15 текшерип-өткөрүү пункту бар.

Бүгүн кыргыз-казак чек арасындагы бажылык текшерүү пункту алып салынды. Аны ачууга Кыргызстан менен Казакстандын президенттери телекөпүрө аркылуу күбө болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0