https://sputnik.kg/20240516/aeroport-bomba-kylmysh-1085155718.html
"Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тастыкталган жок
"Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тастыкталган жок
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди. 16.05.2024, Sputnik Кыргызстан
2024-05-16T10:46+0600
2024-05-16T10:46+0600
2024-05-16T10:46+0600
кыргызстан
аэропорт
бомба
коопсуздук
https://sputnik.kg/img/104857/98/1048579868_0:0:3077:1731_1920x0_80_0_0_bdd126fcba09301199b4a633d8b0a18f.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди.Буга чейин жардыруучу зат коюлду деген билдирүүдөн улам аэропорттогу эл эвакуацияланганы айтылган. Жеринде тийиштүү органдардын кызматкерлери иш алып барды.Учурда аэропорттун иши өз нугу менен уланууда.Буга чейин да бир нече жолу борбор калаанын имараттарына бомба коюлгандыгы боюнча маалыматтар түшүп, текшерүүдөн кийин тастыкталган эмес. УКМК мындай жорук жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Терроризм акты жөнүндө атайылап жалган билдирүү") ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги — 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскерткен.
https://sputnik.kg/20231229/bishkek-mektep-bomba-karmaldy-1081629253.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2024
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104857/98/1048579868_346:0:3077:2048_1920x0_80_0_0_827def22676990a9e10b3cf64bf3871a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, аэропорт, бомба, коопсуздук
кыргызстан, аэропорт, бомба, коопсуздук
"Манас" аэропортуна бомба коюлду делген маалымат тастыкталган жок
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Манас" аэропортуна бомба коюлду деген маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу аба майдан билдирди.
Буга чейин жардыруучу зат коюлду деген билдирүүдөн улам аэропорттогу эл эвакуацияланганы айтылган. Жеринде тийиштүү органдардын кызматкерлери иш алып барды.
Учурда аэропорттун иши өз нугу менен уланууда.
Буга чейин да бир нече жолу борбор калаанын имараттарына бомба коюлгандыгы боюнча маалыматтар түшүп, текшерүүдөн кийин тастыкталган эмес. УКМК мындай жорук жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Терроризм акты жөнүндө атайылап жалган билдирүү") ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги — 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскерткен.
29 Бештин айы 2023, 16:16