Мектепке бомба коюлду деп маалымат таратууга шектелген төрт өспүрүм кармалды

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүКишенчен адам. Архив
Кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.12.2023
Жазылуу
Алардын максаты окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу болгону белгиленди.
БИШКЕК, 29 дек. — Sputnik. УКМК Бишкек шаарындагы мектептерге бомба коюлгандыгы боюнча жалган чалууларды аткарууга буйрутма берген деп шектелген балдарды кармады.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 14 жаштагы Ж.Д.А., 15 жаштагы Д.Д.Б. жана К.А.А. колго түшкөн.
"Алар 30-ноябрда жана 18-декабрда чет элдик абонент аркылуу анонимдүү чалуулар үчүн буйрутма беришкен. Мындан улам Бишкек шаарындагы орто жана жеке менчик мектептердин даректерине жардыруучу түзүлүштөр орнотулгандыгы тууралуу анонимдүү чалуулар келип түшкөн", — деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Алардын максаты окуу процессин үзгүлтүккө учуратуу болгону белгиленди.
УКМК мындай жорук жасоого Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ("Терроризм акты жөнүндө атайылап жалган билдирүү") ылайык, кылмыш-жаза жоопкерчилиги — 5 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралганын эскертти.
Бишкектеги КРСУга бомба коюлгандыгы тууралуу маалымат түшүп, студенттер эвакуацияланды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2023
Бишкекте 5 мектеп, бир университетке бомба коюлганы айтылды
Жаңылыктар түрмөгү
0