Садыр Жапаров банкирлерди куттуктап, бир катар талаптарды койду

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Садыр Жапаров. Архив
Президент Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2024
Жазылуу
Мамлекет башчы аталган сектор заманбап банк кызматтарын сунуштоо аркылуу өлкөнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатканын белгилеген.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүү зарыл. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Банк кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосунда айтылат.
Мамлекет башчы банк кызматкерлеринин кесиптик майрамы өз алдынча экономикалык саясат жүргүзүүгө негиз салган, эгемен Кыргызстан үчүн тарыхый окуя саналган улуттук валюта — кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен түздөн-түз байланышта экенин белгилеген.
"Өлкөбүздүн банк сектору негизги көрсөткүчтөрдүн олуттуу өсүшүн, анын ичинде насыя көлөмүн көбөйтүү, депозиттик базаны жана капиталды өстүрүү менен өзүнүн туруктуу өнүгүүсүн улантууда. Азыркы заманбап шартта санарип технологиялардын өнүгүүсүн, дүйнөлүк тенденцияны жана чакырыктарды эске алганда банк секторуна санарип инфратүзүмдүн потенциалын өстүрүүнү, инновациялык өнүмдөрдү кеңири колдонууну, туруктуу каржылоо принциптерин жана жашыл экономиканы ишке киргизүүнү тездетүү зарыл", — деп айтылат маалыматта.
Бүтүндөй өлкөнүн экономика тармагы, анын акча-кредиттик саясаты банк кызматкерлеринин натыйжалуу ишине байланыштуу экенин айткан президент сөзүнүн соңунда бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаган.
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Улуттук банк 17,7 миллион доллар сатып алды. Валюта курсуна кандай таасир этти?
Жаңылыктар түрмөгү
0