Улуттук банк 17,7 миллион доллар сатып алды. Валюта курсуна кандай таасир этти?

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIАКШ доллар купюралары. Архив
АКШ доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2024
Жазылуу
Быйыл Улуттук банк эки жолу валюта сатып, алты жолу сатып алып, жалпысынан сегиз интервенция жасаган.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Бир күн мурун Улуттук банк валюта рыногунан 17,7 миллион доллар сатып алган.
Эскерте кетсек, кечээ эртең менен доллардын орточо сатуу курсу 89,35 сомду түзсө, андан кийин төмөндөп, бүгүн эртең менен 88,25ке жеткен.
Бүгүнкү күндө сатуу 89,1 сомдон 89,4 сомго чейин өзгөрүп турат (кечээ төмөнкү чек адегенде 89,3 сом болсо, андан кийин 89,2 сомго чейин түшкөн).
Улуттук банк валютанын курсун жөндөө үчүн чет элдик валютаны сатуу жана сатып алуу менен алектенет.
Жыл башынан бери өлкөнүн башкы банкы сегиз жолу интервенция жасаган:
эки жолу сатылды — жалпы суммасы 31 миллион 850 миң долларды түздү;
алты жолу сатып алган – жалпы суммасы 113 миллион 350 миң долларды түзгөн.
Телефон. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2024
Улуттук банк телефон шылуундары көбөйүп жатканын айтып, сак болууну эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0