Согуштан кийин Кыргыз ССРинде экономика кантип калыбына келген? Инфографика

Жазылуу
1946-жылы СССР төртүнчү беш жылдык планды кабыл алып, анын алкагында Кыргыз ССРине 1,9 миллиард рубль жумшалган.
Мындан 79 жыл мурда совет эли эбегейсиз көп сандагы адамдарды жоготуу жана экономикалык оор каатчылыкты баштан кечирүү менен Улуу Ата Мекендик согушта жеңип чыккан. Согуштан кийинки жылдарда Кыргыз ССРинин экономикасы кантип калыбына келтирилгенин Sputnik билип көрдү.
Тарых илимдеринин доктору Нур Досбол уулунун "Кыргызстандын экономикасынын согуштан кийинки кайра курулушу (1946-1953)" деген макаласынын маалыматтарына таяндык. Ал өз кезегинде башка авторлордун, атап айтканда, Сабыр Аттокуровдун "Кыргызстандын өнөр жайы согуштан кийинки жылдарда (1946-1955)" аттуу эмгектерине таянган. Төмөндө согуштан кийинки алгачкы жылдарга арналган макаладан үзүндүлөр берилет.
1946-жылы 18-мартта СССР Жогорку Советинин сессиясы эл чарбасын калыбына келтирүүнүн жана өнүктүрүүнүн жаңы (төртүнчү) беш жылдык планы жөнүндөгү мыйзамды бекиткен. Ошонун негизинде август айында 1946-1950-жылдарга карата план кабыл алынган.
Согуш аяктагандан кийин элдик чарбаны кайра куруу негизги милдет болгон. 1946-жылы эле Кыргызстандын бардык ишканалары продукция чыгара баштаган. Милдеттүү түрдө ашыкча иштөө жокко чыгарылып, сегиз сааттык жумуш күнү, каникулдар калыбына келтирилген.
Беш жылдыктын биринчи жылында республиканын өнөр жайы 1945-жылга салыштырганда продукция чыгарууну 2,5 пайызга жана согушка чейинки 1940-жылга салыштырганда 25 пайызга көбөйткөн. 1946-жылы түстүү металлургия ишканалары 5 пайызга (1945-жылга салыштырганда), текстиль өнөр жайы — 47, тамак-аш жана суусундук өнөр жайы 12 пайызга көп продукция чыгарган. Пахта жана жибек кездемелерин чыгаруу 48%га, бут кийим — 34, эт — 26, малдын майы — 93, кант 41 пайызга өскөн.
Бирок продукциянын кээ бир түрүн: көмүрдү, нефтини, пахта буласын, жүндөн токулган кездемелерди, этти, кантты чыгаруу боюнча республика согушка чейинки деңгээлге жете элек болчу. Буга согуштан кийинки кайра куруунун кыйынчылыктары: техниканын жана жабдуулардын эскириши, сырьё жеткирүүнүн үзгүлтүккө учурашы, квалификациялуу кадрлардын жетишсиздиги жана башкалар себеп болгон.
Беш жылдыктын экинчи жылынын соңунда Кыргыз ССРинин өнөр жайынын көпчүлүгү согушка чейинки деңгээлге жеткен. Төртүнчү беш жылдыктын ичинде республиканын элдик чарбасына 1 миллиард 909 миллион рубль жумшалган. Бул согушка чейинки бардык жылдардагыдан бир кыйла көп. Каражаттын 719 миллиону өнөр жайга багытталып, олуттуу структуралык өзгөрүүлөр болгон. 20 ири ишкана курулуп, заводдор менен фабрикалар кеңейтилип, реконструкцияланган. 1948-жылы оор өнөр жайынын продукциясы 1940-жылга салыштырганда беш эсеге, ал эми эл чарбасындагы үлүш 9,6дан 31,4 пайызга чейин өскөн.
Төртүнчү беш жылдык планды мөөнөтүнөн мурда орундатуунун натыйжасында өнөр жайынын дүң продукциясы согушка чейинки деңгээлден 2,1 эсеге жана 1945-жылдагыдан 7,5 пайызга көп болгон. Жеңил жана тамак-аш өнөр жайлары андан ары өнүккөн.
Беш жылдыктын алкагында согуш жылдарында айыл чарбасына келтирилген эбегейсиз зор зыянды жоюуга негизинен мүмкүн болгон. Бирок айыл чарбасы боюнча пландын эң маанилүү көрсөткүчтөрү аткарылган эмес. Ошого карабастан анча-мынча ийгиликтер болгон. Маселен, эгин аянттары жана дан эгиндеринин түшүмү 26 пайызга, пахта 3,2 эсеге көбөйгөн.
Беш жылдыкта бодо малдын саны 62,4 пайызга, койдун — 97,2, жылкы 63,8ге өскөн.
Тема боюнча:
Улуу Ата Мекендик согушта Кыргыз ССРинин өндүрүшү катуу өскөн
Жаңылыктар түрмөгү
0